Чагылган: «Бүгүн биз мыйзам бузууларга каршы милдетти аркалаган укук коргоо органдарындагы пара алуу, коррупциянын кездешип жаткандыгын талкуулайбыз. Мунун өзү элдин баалуулуктарына шек келтирүүдө», — деп айтты Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Ал  укук коргоо органдарындагы коррупциялык фактылардын негизинде Башкы прокурор Аманмырат Халлыевди кызматтан алды.  Халлыевге кайрылган Бердымухамедов, Мажилиске (парламент) Башкы прокурорду кызматтан кетирүү сунушун жибергендигин айтты. Мажилистин отурумунда, президенттин сунушуна макулдугу канаттандырылды.

Түркмөнбашы, андан тышкары  прокуратурадагы жана ИИМдеги бир катар чиновниктерди иштен айдаганын билдирди. Жогорку сот Бергенч Чарыевге  алардын ишин карап чыгууну тапшырды жана мамлекеттик кызматкерлер тарабынан эч кандай мыйзамсыз иштер болбошу керектигин катуу эскертти. Бизде деле ушундай көрүнүштөр толтура. Коррупциялашып кеткен оргоандар көп. Ичип-жегендери андан да арбын. Бирок чечкиндүү чара көрүлбөйт. Кармаган болот, кайра бат эле коё беришет. Бөлүшүп алып эле, жарылганча жеп жатышат. Алардын аттарын айтпасак деле белгилүү эмеспи.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here