Чагылган:  Өзгөчө кырдаалдар министри Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында 20 жаштагы кыз башына таш кулап каза болгонун маалымдады. Бул окуя 5-май күнү кечке маал жүз берген.  «Ала-Арча» паркындагы мейманканалардын биринин тушунда, медакадемиянын 3-курсунда окуган 20 жаштагы кыздын үстүнө таш кулап, ал ошол жерден мүрт кеткен. Кооптуу объектилерди көрүп жүргөн куткаруучулар кыздын сөөгүн алып түшүп, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматында: «Бир нече жаштар тоого чыгышкан. Алардын арасындагы 1997-жылы туулган Кайрынса Кошоевага таш кулаган. Анын тааныштарынын айтымына караганда, кулаган таштан катуу жаракат алган кыз тоодон түшө албай калган. Ал жерде уюлдук телефондо байланыш болбогондуктан жаштардын бири тоодон түшүп, дарыгерлерди чакырган. Ошондой эле, ал сейил бакта иштеген куткаруучуларга билдирген. Алар 10 мүнөттүн ичинде окуя болгон жерге барышкан. Куткаруучулардын айтымында, алар барган учурда жабыркаган кыз эс-учун жоготуп, тамыры сокпой калган. Алар студент кызды атайын техниканын жардамы менен төмөн жакка түшүрүп, тез жардам кызматына тапшырышкан.» — деп айтылат.

Окуянын күбөлөрүнүн бири АКИpress агенттигине билдиргендей, туристтердин алдынан тоо текеси чуркап өткөндө кызды көздөй таш кулаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here