Голливуд жылдызы Меган Фокс үч уулдун энеси. Ал кичүү уулун мындан бир нече ай мурун гана жарык дүйнөгө алып келген. Ал эми 4 жана 3 жашар эки уулун кыздарча кийиндирип алган адаты коомчулукту таң калтырат.

Меган уулдары менен кетип баратып Лос- Анджелесте журналисттердин  да камерасына түшүп калган. Анын көйнөк кийген уулдарын эч ким уул деп ойлобойт. Кыз деп гана ойлоого болот. Себеби, чачтарын да өстүрүп койгон. Көрүп бечара балдарга жаның ачып, бооруң ооруйт. Мүмкүн, актриса артынан кыз келсин деп ырым кылып жаткандыр?

Мегандын күйөөсү, актер  Брайан Остин Гринниң да балдары менен попарацияга түшүп калган жайы бар. Анда да көйнөк кийгизип коюшкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here