Иванка Трамп 35 жашта. Анын байлыгынын жалпы суммасы 3 млрд. долларды түзөт. АКШнын Президентинин кызы — өң келбетин энеси  чех маникеншицасы  Ивана Трамптан алса, байлыгын атасы- Дональд Трамптан мурастаган.

Сары чачтуу бийкеч бизнес мектебин аяктаган. Бирок, тажатма офис жумушанан көрө, моделдик карьера жаатын тандап алган. Бирок, ага билими эч тоскоолдук жаратпады. Себеби, учурда ал өзүнүн менчик — кийим жана бут кийим чыгаруучу бизнесин негиздеп, жолго коюп алган.

Бирок, атасынын саясый орду анын бизнесине өтө терс таасирин тийгизип жаткан кези. Себеби,  Президент катары  Трампты жек көргөн соодагерлер анын кызынын фирмасынан чыккан кийимдерди алуудан баш тартышууда. Эгер, мындан Иванка «банкрот» болсо дагы, ал кедейлердин катарына кошулбасы анык.

Иванканын никесин, куп жарашкан түгөйлөр деп атоого болбойт. Анын күйөөсү — Джаред Кушнер болгону миллионер. Бирок, ал дагы мультимиллиардердин баласы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here