Орусиядагы жол кырсыгынан бир кыргыз жараны жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 4-майда болгон жол кырсыгынын чоо-жайын иликтеп жатканын билдирди. Маалыматка караганда жол  кырсыгы Пенза облусунун Нижнемоловский районунда «Урал» трассасынын 545-чакырымында болгон.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыктан төрт адам жараат алып, ооруканага жеткирилген. Арасында кыргызстандык 1967-жылы туулган Кыязов Аман бар болгон. Азыркы тапта жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here