Жигити көзүнө чөп салган Колумбиялык кыз ачууланып, сүйгөнүнөн элден бөлөкчө өч алууну чечкен. Ал жигити экөө чогулткан  9 миң долларды жеп салган. Бул тууралуу Eg.ru. порталы жазып чыкты.

Колумбиялык түгөйлөр бирге бизнес жасашып, андан чогулган таза 9 миң доллар менен Панамага эс алып келүүнү пландап жатышкан. Бирок, күтүүсүздөн жигитинин чыккынчылыгына күбө болгон кыз, алгач акчаны алып Панамага жалгыз барууну чечет.

Кийин, ага да жетпей ызаасы менен  жалаң 100 доллардан турган 9 миң доллардын баарын жеп салат. Ичи ооруп чыдабай калганда, ооруканага кайрылат. Тилекке каршы,  доктурлар кыздын ашказанынан жыртылган 100 долларлыктардан  5-6 эле алып чыгууга жетишет. Калгандары ээрип кеткен.

Акчанын бардыгы мыйзамдуу жол менен табылгандыктан, полиция бул боюнча эч кандай иш козгогон эмес.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here