Дагы бир тукум куучу оору жөнүндө алгачкы ирет Индияда белгилүү болгон. Шалини Адав аттуу жаш кыз бүт дүйнө жүзүнө өзүнүн оор көйгөйү аркылу белгилүү болгон. Бийкечти ызаланткан генетикалык дарт — эритродермия – селкинин кебетесине терс таасир этип, терисин жыландыкына окшотуп койгон.

Кызды сойлоочу жаныбарга дагы бир сапаты окшоштуруп турат. Шалининин териси бир жарым ай сайын түлөп, жарылып, берчтер пайда болот экен.

Ушул өнөкөттүн айынан бийкечтин териси кадимки эле жылындыкына окшоп калат. Мындай көйгөй, албетте, селкиге бактысыздыкты физикалык жагынан гана эмес, социалдык жагынан да алып келээри белгилүү. Шалини окуган мектептин жетекчилиги кызды окууну таштатканга аргасыз болгон. Алардын айтымында, мындай окуучу башка парталаштарынын жүрөктөрүн түшүрчү.

Шалининин үй-бүлөсүндө дагы 8 бала бар. Жашоо шартынын төмөндүгү үчүн кыз эч кандай дары-дармек албай келет.

Булак :Күндеми

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here