Бүгүн, 5-майда  саат 10:05де Тажикстан менне Кыргызстандын чектешкен жеринде жайгашкан Жерге-Тал районунунда жер катуу силкинип, тоолордон чоң-чоң таштар тоо боорундагы айылды карай кулаган.  Мындай маалыматты » Чагылган» сайтына Дувана айылынан Назир Бакиров билдирди.

Анын айтымында, үч күндөн бери аталган аймакта жер титирөө жогорку баллда болууда. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Айыл тургундары учурда үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болууда. Кээ бир эски тамдар кулап калган. Дувана айылы тоо боорунда жайгашкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here