Миң-Куштун миң кайрыгы…

 Pедакциядан:  Борбор шаардан кыйла алыс жайгашкан, илгери атагы таш жарган Миң-Куш тууралуу бул макаланын жазылып, басма сөзгө жарыяланганына 2 жылдан ашты. Бирок макала бүгүн да актуалдуулугун жоготкон жок. Себеби, бул макалада айтылган көйгөйлөр дале чечилбей, ошол бойдон былкылдабай турат. Бүгүн ЖКда Өзгөндөгү жер көчүү жана ошондой эле өлкө боюнча баардык кооптуу жайлар тууралуу маселе угулду. Ушундай улам,  бул макаланы «Чагылганга» да жарыялап коюну эп көрдүк.  ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов да бүгүн жыйында  Миң -Куштагы радиация тууралуу көйгөйдү көтөрдү. Демек, өкмөт бул маселеге көңүл бурушу зарыл. Качанкыга чейин эле карапайым элди алдай берет? Талапка ылайык, иш-чараларды көрсө болот да.  Эмесе, Миң-Кушатагы көйгөйдү билбегендер, айрыкча өкмөттөгү галстукчандар бул жеринде иликтенип, далилдер менен жазылган макаланы жакшылап окуп алышсын. 

Биздин өлкөдө көйгөйгө көмүлгөн атактуу жерлер абдан көп. Алардын алдыңкы сабында союз кезинде Москванын көзөмөлүндө болуп келген Жумгал районундагы  айтылуу Миң-Куш шаарчасы да бар. Чынында эле ал кезде Миң-Куш  шаарча болуп, мактоого гана арзып турса, азыр шаарчанын абалы өтө аянычтуу. Анда кеп башынан болсун…

Миң-Куш шаарчасы  1947-жылга чейин   эч ким барбаган  аска — зоокалуу, ээн кокту болчу.  Миң-Куш деп аталганга чейин, бул жер жалпы жонунан Кабак деп аталып келген. Ал аймакта кара алтын деп эсептелген көмүрдүн  мол кени бар экендиги Байзак баатырдын доорунда эле аныкталган. Ал тургай Кара-кечеден  Миң-Куштун тоолорун чейин созулуп, эчен кылымдарды карытып былкылдабай жаткан    «кара алтындан» (көмүр)  Байзак баатыр кышкысын жигиттерине каздырып келип, биринчи болуп өзү “ооз тийген” экен.

Сталиндин көзөмөлүндө болуп…

Согуш аяктагандан кийин орус окумуштуу-изилдөөчүлөрү Кабакта көмүр кени гана эмес, дүйнө өлкөлөрүндө сейрек кездешүүчү уулуу зат, кадимки атом бомбанын өзөгүн түзө турган ураан ( радиоактивдүү химиялык элемент)  кени бар экенин чалгындоо учурунда аныкташат.  Ошондон кийин бул жер  орустар үчүн “ыйыктын ыйыгындай сезилип” Сталиндин буйругу менен Москванын көзөмөлүнө алынат. Натыйжада   1947- 1960-жылдардын аралыгында кабат-кабат үйлөр түшүп, түшкө кирбеген шаарчага айланат да,  миң түркүн куштар сайрап мекендеген ажайып  бул жер Миң –Куш деп аталып калат.  Миң-Кушка кыска убакыттын ичинде 2 башталгыч ,  3 орто мектеп, 1 клуб, 3 театр, 4 бала бакча, 1 музыкалык,1 спорт мектептери,  атагы алыска кеткен «Оргтехника» (убагында  бул заводдо 3 нөөмөт менен 3 миңге чукул адам иштеген) заводу, ТЭЦ,  кесипчилик окуу жайы, китепкана жана оорукана салынат.  Шаарчага көчүп келген адамдардын саны тездик менен (Россиядан жүздөгөн орус туугандарыбыз да көчүп келген ) көбөйүп, жашоочулардын саны  13-15 миңге чейин жетет. Айтор, союз кезде Миң-Кушка суктанып, ал жакта жашагысы келген адамдар жүздөп саналчу. Жогоруда айтылгандай Миң-Куш тоолуу жана кокту-колотту жер, түз жерлери аз.  Ушундан улам эл жашаган  түз жерлер бир нече аянтчаларга бөлүнөт. Алар 16-,17,-20- жана 21- аянтчалары деп аталат. Мунун да өзүнчө жандырмагы бар.  Мисалы, Миң-Куш шаарчасынын 16-аянтча деп аталган жери  деңиз деңгээлинен 1600, 21- аянтчасы 2100 метр бийиктикте орун алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Тепкич сымал улам бир бийик  секинин үстүндөгү тегиз  аянтчалар кол менен атайын жасап койгондой көрүнүп, көргөн адамдын таңкалуусун жаратпай койбойт.

Уранды сыр бойдон сактап калуунун ните кылышып. атом бомба…

Уран Миң-Кушту курчап турган ушул тоолордон казып алынган. Бул жер азыр эски шахтанын орду.

 

1955-1968- жылдардын аралыгында орус адистери  Миң-Куштан 100дөгөн тонна ураан (анын басымдуу бөлүгү 17-аянтчага жакын жерден казылган) казып,  Москвага ташып кетишкен. Миң-Кушту кыска убакыттын ичинде гүлдөгөн шаарчага (болгондо да Москванын камсыздоосундагы) айлантуунун эң башкы сыры ушул ураан казып алуу менен байланыштуу болгон. Албетте, бул сырды  ал кезде көпчүлүк биле бербеген.

Москва ал жердеги ураан кенин, башка жакты кой, жергиликтүү эл үчүн да жашыруун сыр катары сактаганга аракет кылган. Ушундан улам, Миң-Куш  ураан казылып жаткан учурунда   чычкан кире алгыс бекемдикте кайтарылып турган.

Белгилүү болгондой Миң-Куштан казып алган ураан менен Советтер союзу  атом бомба жасап,  дүйнөдөгү эң күчтүү   ири державага айланган. Бирок Москва  үчүн Миң-Куштун орду   канча  маанилүү болсо, андагы ураан кенин сыр бойдон сактап калуу маселеси андан да маанилүү болгон.

Миң-Куштагы көмүр карьери

Союз кезинде   ураан казуу иштери менен улай (Кара-Кеченин көмүрүнөн мурда) Миң-Куштун көмүрү казып алына баштаган. Мисалы, союз гүлдөп турган учурда  Миң-Куштан жылына 450 миң тоннага жакын көмүр казылып алынып турган. Бул азыркыга салыштырмалуу өтө чоң көрсөткүч, маалымат катары айта кетсек, учурда  ал жактан жыл сайын болгону 20-30 миң тонна гана көмүр казып алынат.

Тамшанып эске сала кетчү жагдай Миң-Куштун ушуга окшогон миң кайрыктарынын бири – бул союз кезинде жакшы жолго коюлган кышкы спорт оюну хокей эле. Кыргызстан боюнча бир гана Миң-Кушта хоккей  оюнун боюнча Орто Азиянын чемпионаты өткөрүлүп турчу.  Бирок азыр деле хокей оюну ал жакта таптакыр солгундап кеткен жок. Акырындык менен кайрадан жандана баштады. Маселен,  2012-жылы  миңкуштуктар 50х25 өлчөмдөгү хоккей муз аянтчасын 300 миң сомго курушуп, биринчи ирет облус боюнча чемпионат өткөзүштү. Азырынча ал жактагы жаштарды өзүнө тартып алаксыткан жакшы көрүнүштөрдүн бири ушул хокей оюну десек болчудай.

                                        Уулуу ураандын кесепети

Ошентип дүйнөлүк картада орду эбегейсиз чоң болгон  СССРди атом бомбасы бар кубаттуу державага айланткан атактуу Миң-Куш союз кулагандан кийин Москванын камкордугунан кур жалак калат.  Жыл өткөн сайын куту качып, завод, театрлар ж.б. иштен чыгат. Алдым-жуттум атка минерлер  менчиктештирүү убагында  ырыстуу мекемелердин баарын менчиктештирип, андан калганын сатып жиберишет. Анысы аз келгенсип, казылып алынып, бирок айрым бир жерлерде жакшы көмүлбөй калган ураандын калдыктары барган сайын ачыкка чыгып, аба аркылуу жергиликтүү жашоочулардын ден – соолугуна терс таасир тийгизип баштайт.

Туюк-Суу. Жарака кетип, сууну бөгөп калуу коркунучунда…

          Миң-Кушта жалпысынан Туюк-Суу, Талды-Булак, “Как -1”, жана “Далный” аттуу 4 хвостохранилища бар. Бул кооптуу жайларда жалпысынан 1 млн. 150 метр куб көлөмдөгү  ураан калдыктары сакталып калган. Алардын ичинен  бүгүнкү күндөгү эң кооптуусу, Миң-Куштан  1,5 чакырым алыс аралыктагы  жайгашкан  Туюк-Суу (аты эле  айтып тургандай мунун түбүнөн суу агып өтөт) хвостохранилищасы. Бул жерге 480 миң куб. метр уулуу зат 3 гектар жерге көмүлгөн.  Бул жерге жакын жайгашкан  тоо  мындан 10-15 жыл мурун 300 метрге чейин жарылып, ал  тоо 4-5 жылда 1-1,5 метрдей сууну карай жылып жатат. Эгер ушул темп менен жылып олтурса,  аз жылдын ичинде  (кокус кыян, сел сыяктуу табигый кырсыктар болуп кете турган болсо, бир күндүн ичинде дейли) Туюк-Сууну бөгөп калат .

Туюк-Суудагы хвотсохранилища. Бул жерге уран калдыктары көмүлгөн. Суу жанында…

23 түтүн элди тез арада көчүрүү зарыл…

Ал эми дал эле ошол жерде (350-400 метр аралыкта) 23 үчүн түтүн эл жашайт. Тоо көчүп, тоодон агып түшүп жаткан бир топ чоң сууну бөгөп калса, эки-үч күндүн ичинде көлмөгө айланып, биринчи кезекте Туюк –Суу хвостохранилищасын ачыкка чыгарат.  Ал көлөмө жогоруда айткан 23 түтүн элди, андан ылдыйраак жайгашкан анча алыс эмес жердеги  эл жашаган 16 –аянттын жарымын каптайт. Ошентип, сууга ачык чыккан ураан калдыктары  ансыз да ураанга ууланган  Миң-Куштун суусуна куюлат. Ал болсо,  түз эле Көкөмеренге куят. Көкөмерен болсо, белгилүү болгондой  Нарын дайранын негизги бөлүгүн түзөт. Нарын дарыябыз , Токтогул ГЭСин толтуруп турат, андан ары Өзбекстанга, Сыр-Дарыяга кетет…  Кыскасы, бүтүндөй дайраны уулуу  зат булгап коюу коркунучу бар экенин эске алуу зарыл. Андай абалга жеткирбөө үчүн сөз болуп жаткан  хвостохранилищаны  жакшылап көзөмөлгө алып, андагы калдыктарды коопсуз жайга алып барып көмүү, же жылып жаткан тоо боорлорун тосуп бекемдөө абзел. Бул кооптуу маселеден эртеби-кечпи  чоң экологиялык коркунуч келип чыгышы толук мүмкүн. Ал эми ошол  эң эле деп эсептелген Туюк-Сууда   23 түтүн эл жашайт. Азыркы  чечилбей жаткан биринчи көйгөй  ошол 23 түтүн элди коопсуз жерге көчүрүү болуп саналат.

Уран калдыктары жаткан Туюк-Суунун алыстан көрүнүшү…

Радиация демекчи, радиациянын өлчөмү норма боюнча 60 микро/рентген сааттан ашпашы керек. Алсак Бишкекте радиация 18-20 микро/рентген саат.  Миң-Кушта болсо 200-300 микро/ рентген саат экени аныкталган. Эгерде Миң-Куштагы көмүлгөн жердеги ураан калдыктары ачылып кетсе, анда радиациянын өлчөмү 1000 рентген/саатка чейин көбөйүп кетери да иликтенген. Кудай анын бетин нары кылсын деңизчи, бирок радиациянын нормасы мынчалык көрсөткүчкө жетсе,  анда ал жердеги адам үчүн да, жан-жаныбар, канаттуулар үчүн да жашоо жок. Бул биринчи маселе, экинчи маселе  1000 рентген/саатка чейин жеткен радиация  аба аркылуу Миң-Куштан чыгып, канча жерге тарайт?

1990-жылдардын башында япониялык кен чалгындоочу адистер Жумгалдагы кендерди чалгындоо максатында Жумгалга келишет. Бирок  Жумгалдагы Дыйкан айылына (Дыйкандан менен Миң-Куштун аралыгы 75 чакырымдай ) жеткен кезде, дароо артка кайтууга мажбур болушкан. Себеби өздөрү менен ала жүргөн радиациянын өлчөмүн ченеген аппараттан абадагы ураан радиациясынын нормасын көрүшүп, жүрөктөрү түшүп: “бул жактагы эл мынчалык жогорку нормадагы радиация менен кантип жашап жатышат”- деп  баш чайкап таңкалып кетишкен экен.  Мындан тышкары, Миң-Куш шаарчасында  жер көчкү коркунучу сезилген кооптуу 17 жер бар.

Мурун бул кычыраган «Оргтехика» заводу болчу. Миңдеген адамдар иштечү… азыркы абалы бул…

 

Миң-Куштагы  ураандан  тараган  радиациянын даамы, же жыты билинбейт. Эч нерсе да  сезилбейт.  Баары ойдогудай болгонсуганы менен  бир нече жылдан кийин билинбей эле адамдын ден соолугуна зыяндуу таасир тийгизип коёт. Себеби Миң-Куштун абасы, топурагы жана суусу  ураандын уусуна эчак жуурулушуп калган. Бирок башка жактан келгендердин башы ооруп чыгат.  Ал жакта көп жылдан бери жашаган адамдардын  организми жедеп ураандын радиациясына көнүп калгандыктан улам, башка жакка барып жашаса, ооруп калышат. Ооруну жоюуга врачтардын күчү жетпейт. Анын бир гана табигый жолу бар. Ал радиациялуу Миң –Куштан эч жакка көчпөй жашоо керек, же башка жакка көчө турган болсо ал жактын топурагынан арбын ала кетүү керек.

Айтмакчы,  топуракты ала кетүү ыкмасы ураан казып иштеген орустардан калган ыкма экен. Алар Москвага кетип жатканда, Миң-Куштун топурагынан мүмкүнчүлүктөрүнө жараша алып кетишкен экен. Башка жакка көчүп кетип, ооруган учурда  ал жактын топурагы  менен  дарылаган миңкуштуктар арбын. Кантип? Жаткан бөлмөсүнө топуракты идиштерге салып коюп коюшат. Ал топурактан чыккан ураандын радиациясы аба аркылуу бөлмөнү ичине тараган кезде радиацияга “талгак” болгон организм аны  дароо өзүнө кабыл алып, ооруган жерлери басылып, кадимкидей куландан соо боло түшөт. Куландан соо болгону курусун, бул эми айла жоктун иши да. Болбосо ураан канча деген адамдардын ден-соолугун талкалап, өмүрлөрүн кыскартып койду. Миң-Куштуктар үчүн “туулган жердин топурагы алтын” деген сөздүн башкача бир өтмө мааниси ушул.

Кароосуз калган Миң-Куш

Түшүнүктүү болуп тургандай ал жактан кадимкидей өсүп, толук кандуу бышкан  ар кандай өсүмдүк, жер-жемиштин курамында сөзсүз ураан бар экендиги жана бийик тоолуу жерде өскөнүнө карабастан, чөптөрүнөн дары жасоого болбостугу илимий жактан иликтенген. Буга карабастан жергиликтүү эл, жаз менен жарышып, күз менен күрөшүп, жер-жемиш  айдап, ураандуу чөпкө семирген малынын этин эч коркпой эле жеп келишет.

Жемиш бышканы менен буудай бышпайт, арпа гана бышат. Андыктан  алар арпа  айдап оокат кылышат. Бирок арпа айдоого түз жер өтө эле тартыш. Азыр Миң-Куш шаарча деп аталганы менен, атына заты жооп бербеген, тогуз тоонун тоомундагы кароосуз калган айыл деп койсок болот. 1995-жылдардан баштап, ушул күнгө чейин 10 миңден ашуун адам көчүп кеткен. Учурда  ураандын мекени Миң-Кушта 903 түтүн 3 500дөн  ашуун эл жашайт. Ал элдин бир тобу көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок кедей-кембагалдар болсо, дагы бир тобу Миң-Кушту жандай сүйүп,  (же ден соолуктун айынан) бар өмүрүн ошол жерде өткөргүсү келгендер. Албетте мындай эки топко бөлүнгөн адамдардын басымдуу бөлүгү жогоруда кеп кылган “радиация оорусу” менен оорушат. Арга жоктуктан уламбы, айтор алар радиацияны деле тоготпой жашап келишет. Башка региондордун элдерине окшоп арыздын үстүнө арыз жазып, өкмөттү тажаткан жок.  Миң-Куштагы  миң көйгөйгө тете бул бир көйгөйдү бийлик жакшы билет. Бирок баягы эле каражат маселесине такап, жеткиликтүү чара көрбөй келет.

Таза суу тартыш болгондуктан миңкуштуктар  далай жылдардан бери  көпчүлүк учурда уранга чыланган уулуу суудан ичүүгө мажбур болуп келишсе, кудай жалгап өкмөт  акыркы бир, эки жылда  ал жактагы элди таза суу менен камсыз кылуу аракетин көрө баштады. Бирок ал жактагы элди таза суу менен  камсыз кылып коюу менен көйгөй чечилип кетпейт. Көйгөйдү толук кандуу чечүү үчүн Миң-Куштагы элди экологиясы бузулбаган айылдарга көчүрүү керек.

Эми Миң-Кушта жашаган жергиликтүү элдин пикирлерине орун берели:

                              200 миң сом эмнеге жетет?!

 Орозбек Максутов:

“Орустар Миң-Куштун топурактарын алып кетишкен…”

Туюк-Суунун бийликке үнү жетпеген жашоочулары…

 

-60 жаштамын. Төрөлгөндөн бери, Миң-Куштун  уран калдыгы көмүлгөн “Туюк-Суу” деген жеринде жашайм. Беш балам бар.  Бул жерде болгону 23  түтүн элбиз. Миң-Куштун атагы чыгып, Москванын көзөмөлүндө болуп турганда, жашообуз абдан мыкты болчу. Мен цехте токарь болуп 30 жылдай эмгектендим. Андан кийин урандын кесептиби, айтор ооруканга жаттым. Макмалда да 5-6 жыл иштеп келдим.

Азыр жумуш жок. Караганыбыз эле пенсия. Мен эмгек тажырыйбам көп болгондуктан 7 миң сом алам. Менден башкалар 3000 сомдун тегерегинде алышат.

Ал эми Туюк-Суудагы тоо көчүп, сууну бөгөп, ал суу уран калдыгын сыртка чыгарып, биз турган жерди каптайт, анан Көкө-Меренге куюлуп Нарынга кетет. Ошол тоо көчүп кетет электе дешип,  бизди бул жерден көчүрөбүз дешкенине 3-4 жыл болуп кады. Бирок алгылыктуу аракеттер көрүлбөй жатат. Себеби, өкмөт бизге “көчүп кеткиле” деп болгону 200 миң сом берет экен. Ал акча эмнеге жетет?

Шаардан жер сатып алмак турсун, көчүп кеткен чыгымыбызга да жетпей калат да. Тамыңарды бузуп кете бергиле дейт,  бузуп кеткенде эскирип, жарылып, чирип бараткан тамыбыздын эмнесин бузуп кетебиз. Анын үстүнө бул тамга, анын бардык материалдарына уран сиңип калган. Мисалы, 60 –жылдардын аягында уранды казып бүтүп, кетип жатышканда Бриков деген орустар бул жактын топурагын жүктөп кетишкен. Көрсө, бул жактан көчүп кеткендер башка жактан көп өтпөй ооруп калат экен да. Ошон үчүн бул жактын топурагын полдун астына төгүп коюшат. Негизи эле, бул жактын абасы оор. Башка жактарга барганда, кадимкидей жеңилдей түшөбүз.

Бусурманкулова Айнур:

 “Үч премьер — министр тең келип,  көчүрүүгө убада беришкен…”

Туюк-Сууда тамдардын дубалдары жер титирөөдөн улам минтип жарылып кеткен.

-Мен Туюк-Сууда жашап жатканыма 25 жыл болду. Мурун ооруканада иштегем, азыр бала-бакчада эмгектенем. 2005-жылы Танаев премьер-министр болуп турганда, Миң-Кушка келген. Элдин жашоосу менен таанышып чыккандан кийин бизге:  “Силерди тез аранын ичинде көчүрөм”- деп айткан. Бирок ошол сөз ошол жылдан бери эле сөз жүзүндө калып келатат. Андан кийин Атамбаев да өкмөттү жетектеп турганда Миң-Кушка келип: “Элге жардам берем, көчүрөм” деп убада берген. Бирок өзүңөр көрүп тургандай, ал убадалар аткарылган жок.

Бабанов да премьер болуп турган кезде, ал дагы келип, мурунку премьерлердей болуп абдан убада берген. Эми өкмөт биздин көчүп кетүү чыгымыбызга болгону 200 миң сом берет экен. Бирок ал кичинекей акча менен каякка көчүп барып, отурукташабыз? 2011-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери келип, жашап жаткан үйлөрүбүздү текшерип чыгып: “Бул үйлөргө жашаганга болбойт. Жаракалар абдан көп кетип, кулоо коркунучунда турат” деп өз бүтүмдөрүн чыгарып кетишкен.

Тамдардын документтери деле толук. Бирок айла жок да, жарылган тамдарда ушинтип жашап жатабыз. Башка бара турган жерибиз жок болсо эмне кылабыз? Үйлөрүбүз качан кулап, басып калат, Туюк-Суунун жарылган тоолору качан жылып, сууну бөгөп калат деп бизде жан жок. Жылда эле жазында көчөсүңөр деген теманы козгошот. И, көчөт экенбиз деп оокаттарыбызды жыйыштырып, эч нерсе кылбай турсак, жылдагыдай болуп көчпөй калабыз.  Бир ирет, телевизордон ӨКМдин бир капитаны Туюк-Суунун элин көчүрдүк деп уялбай айтып жатат. Кайра көп өтпөй, “башкага алмаштырып алыптырбыз” деп жатпайбы. Бизди көчүрбөсө деле, башка жагынан жардам берсе жакшы болмок. Мына биздин жаныбызда “Бусурманкул” деген көмүр казган карьер бар. Ошол жерге тамак саталы десек, ошого уруксат бербей жатышат. Берип коюшса, өз оокатыбызды кыла берет элек да. караганыбыз эле, пенсия, пособие. Башка кирешебиз жок.

 Сатинбек Бекишов, Миң-Куш айыл өкмөтүнүн катчысы:

-Өзүңөр көрүп тургандай, бир кезде заңгыраган Миң-Куштун куту кетип, минтип кароосуз калды. Убагынад 13 миңдей адам жашаса, азыр көчүп олтуруп 3558 (903 түтүн ) адам жашайт. 1953-жылы курулган “Оргтехника” заводу талкаланып, такыр эле иштебей калды. Ал аз келгенсип, мындан 3-4 жыл мурун тоодо жер көчкү жүрүп, заводдун кээ бир имаратын басып да калды. Азыр үч мектебибизде жалпысынан 700гө жакын окуучу окуйт. 4 бала бакча бар, анда жалпысынан 150дөн ашуун бала тарбияланат. Спорт мектеп, музыкалык мектеп, спорт-комплекси,  кесиптик окуу жайы (3-4 кесипте 70тен ашык  баланы, 25 мугалим окутат), турак жай ишканасы жана өрт өчүрүү кызматы бар. Ооруканабызда болгону 15 койка, 45ке жакын адам иштейт. Андан тышкары, “Бусурманкул”, “Жумгал суу курулуш”, “Нарын көмүр”  “Нарк -Тоо”, “Берекет”, “ЮМИКО” деген көмүр казган 6 карьер иштейт. Алар кышкысын көмүрдү өз баасы менен элге берип турушат. Мисалы,  тоннасын 600 сомго беришет. Негизи, көмүрдүн өз баасы 1200 сом да.

Эски шахтанын оозун минтип кум менен «бекитип» коюшкан. ага болбой эле балдар ичине кирип темир казышат…

Туюк-Сууну кыдырып чыккандан кийин, эл отурукташкан  16-17-20-аянтчаларына бардык. 20-аянтчанын үстүнөн Миң-Куш алаканга салгандай көрүнөт экен. Чоң тоонун ортосунда жайгашкан, кооз шаарча эмес, арча-карагайлуу кооз кыштак. Бирок талкаланган тамдар, бузулган имараттар көзгө өтө эле комсоо көрүнөт. Жогоруда сөз болгондой, Миң-Кушта жумуш жок. Мал да аз. Жер аз болгондуктан арпа-буудай дээрлик айдашпайт. Талкаланган тамдардын баасы мындан 2-3 жыл мурун болгону 15-20 миң сом турса, азыр 50-60 миң сомго чейин кымбаттаптыр. Мурун саткандар көп болсо, акыркы жылдары азайыптыр. Кыязы, Миң-Куштун бир кездеги куту кайтып келет деп ишенгендер арбып жатса керек. Мунун дагы бир себеби катары Миң-Кушка Росиянын Рос-Атом ишканасы миллиондогон сомдорду бөлөт деген долбоорго байланыштуу.

Жергиликтүү эле акыркы 5-6 жылдан бери союз кезинде уран казууда пайдаланган темирлерди уран жаткан шахтадан жана Туюк-Суудагы уран калдыгы көмүлгөн жерлерден казып алышып, анын килограммын 4-5 сомго өткөрүшүп, күн көрүшөт экен. Эмесе, бул маселени 31 жаштагы Аман айтып берсин.

 Көкүмбаев Аман:

 “Уран шахтасынан темир казып, жан багабыз…”

-Темир казуу биздин турмушубуздун бир бөлүгү десек болот. Акыркы 5-6 жылдан бери талкалнган 7-цехтен, Туюк-Суудан анан 17-аянттан анча алыс эмес уран шахтасынын ичинен казып алабыз. Уран жаткан жерден темир казуу зыян экенин, ал ден-соолукту талкалай турганын билебиз. Бирок башка жумуш жок болсо эмне кылабыз, темир казып, аны өткөзүп жан багабыз да.

Уран чыккан шазтанын оозу мурун ачык эле турчу, анын темир казабыз деп киргендер көп болуп кеткенден улам, оозуна топурак төгүп, жаап коюшту. Тыюу салганына деле карабай казгандар казып жатышат.  Мурун темир абдан көп эле, кайсы жерге барбай, бутка чалынчу. Ал кезде бир адам болжол менен  таңдан — кечке  1 тонна   темир чогултуп койчу.

Азыр болсо, темир азайды, эң татаал жерлерде гана калды. Кыйын болсо бир жылда 3-4 тонна казасың. Темир казган ден-соолукту абдан жабыркатат экен да. Акырындык денеңе жара чыгат. Ушинтип, ооруканага жатып чыккандар да көп болуп жатат.

Автор:  Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here