Чагылган: Көздүн алдын шишик баскандан жана караруудан арылуунун аралашмасы бар. аны үй шартында жасоону үйрөнүңүз.

Керектүү азыктар:

  1. 1 аш кашык майдаланган кофе
  2. Миндаль майы
  3. Авакадо майы
  4. Марли
  5. Аралашманы куючу флакон

Жасоо ыкмасы:

  1. Жарым стакан кофенин үстүнө миндаль майын куябыз. Май кофени көмүшү шарт.Аны 4-5 күн караңгы жерге коөбуз.
  2. 4-5 күндө май кофени сиңирип алат. Марини чыпка катары колдонуп, майды флаконго куюп алабыз.
  3. Авакадо майынан бир кашык флаконго кошобуз да, жакшы аралашсын үчүн аябай чайкайбыз. Мындан тышкары флаконго кофенин бир-эки данын салып койсо болот.

Даяр болгон аралашманы муздаткычка сактаңыз. Муну эртең менен макияж коюдан 20 мүнөт мурда сүртүңүз. Даяр болгон каражатты үзгүлтүксүз сүртүп турсаңыз көздүн айланасы сиз каалагандай калыбына келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here