— Жыргал мырза, сиз бүгүн демиледиңиз. Өкмөт, Ош облусунун губернаторун жана Өзгөн районунун акимин кызматтан алуу боюнча сунушуңузду карайт деп ишенесизби?

— Жергиликтүү бийликтеги аткаминерлер иш жасабай атышпайбы. Адамдын өмүрү кымбат да. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги губернатор, акимдерге буларды көчүрүү керек деп билдириптир. Мен палатадан аларды иштен алуу сунушун киргиздим, эми буга өкмөт өз баасын берсин. Шалаакылык мамиле жасашты. Күнөөлүү адам жооп берсин. Алардын креслосун кучактап отурууга моралдык укугу жок.

— Сизден башка депутаттар Өзгөчө кырдаалдар министринин моралдык укугу жок деп жатышпайбы?

— Ал сунушка  кошулам. Министрдин орун басары: «Мен эми колунан сүйрөп, чыгара албайм да» деп айтып жатат. аныкы да бир чети туура.  ӨКМ алдына- ала өз ишин жасаган, эскерткен. Бирок, жергиликтүү бийлик андан ары ишти алып кеткен эмес. Эл менен ким иштейт? Жергиликтүү бийлик да. Алар премьер-минстрге чейин кирип, алгачкы кайтарылгыс жардам деп каралган 250 миң сомду алып, элдерге бөлүп берип, көчүрүш керек болчу.  Эми түштөн кийин, трагедия болгон соң кол булгалап калып атабыз. Мисалга, бүгүн ЖК жыйынында депутаттар ӨКМге «башка жолдору жокпу?»- деп жакшы суроолорду беришти.  Иштешпей жатышпайбы.  Мисалга, мен иш сапар менен Иранга барганда көрдүм, чөл сындуу жерлерге карагайларды тигишиптир. Бак-дарактардын тамыры жер кыртышын кармап калат да. ӨКМдин министринин орун басарынан сурадым, алдын-алуу иштерине канча акча бөлүнөрүн. Жылына 400 млн. сом бөлүнөт экен.Демек, ал аз акча эмес. максаттуу пайдаланышса болот да. Анча акчаны эмне кылып жатышат?

-Сиз Миң-Куштагы өзгөчө кырдаал боюнча да маселе көтөрдүңүз, ал жактагы коопту жайлар боюнча өкмөт эч кандай иш жасаган жокпу

Миң-Куш

-Жалпыга жакшы белгилүү болгондойч Миң-Кушта дагы радиация бар. Радиациянын көрсөткүчү 120 рентгенди түзөт. Ал жерге адам жашаганга болбойт деген чечим бар. 2016-жылы мурунку өкмөт башчы Темир Сариев  менен барып:  «Миң-Куштан коопсуз жайларга 147 үй-бүлөнү көчүрөбүз», — деп убада берип кеткен. Жардамга Орусиядан да акча келет деп да айткан. Эми Сариев кызматтан кетип калып, ал маселе чечилбей калды. Эми Миң-Куш эли  радиацияда жашап жаткандыгы аз келгенсип, «Туюк суу» деген жер тилкеде да жер көчкү күтүлүүдө.

Миң-Кушта тоонун түбүнөн суу агып жатат. Суу улам тоону жеп, тоодон жарака кеткен. Ал жаракка жыл өткөн сайын чоңюп, ачылып жатат. Ал суунун жанында урандылдардын  (чоң хвостохранилища бар) калдыгы көмүлгөн. Жаракасы улам чоңоюп жаткан тоо урап кетсе,  каналдагы суун бөгөп калат дагы, суу хвостохранилищаны каптайт. Анан анын жанындагы (Туюук -Суу деп аталат)  23 түтүндү каптап, андан ары Көкемеренге куюлуп,  андан Нарын дарыясына, анан Сыр дарыяга кошулуп кетүү коркунучу бар да? Бул маселени жазып келатабыз. Эч ким чара көргөн жок…

— Ооба. туура айтасыз. Ал кооптуу жерде 23 үй-бүлөдөн 7 үй-бүлө көчүп кетти дейт. Калганы дале жашап жатат. Сураштырсам, «предписание» бердик дейт. Алар адам өмүрү менен ойноп, ишкерлерге жер бергендей болуп атышат. Шарт түзүп бериш керек да. Миң-Куштун көйгөйү чоң маселе, оюнчук эмес. Өкмөт бул маселенин үстүнөн терең ойлонуп иштеши зарыл. Менин маалымат боюнча Миң-Куштун Туюк-Суусундагы 23 үй-бүлөгө 200 миң сом компенцасия берилмек, ал да берилген эмес. Андан тышкары, бир жолку жардам 50 миң сом да берилген эмес. Жер да бөлүнгөн эмес. Анан кантип көчөрүшөт? Көчүргөнгө кичине шарт түзүп берип анан, талап кылыш керек да.

Суроо салган, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here