Чагылган: Кечеки болгон жер титирөө Чоң Алай районуна караштуу  Кара тейит айылынын тургундарына дагы залакасын тийгизди.

Аталган айылдын тургуну Кожобеков Жумабайдын үйүн да жараксыз абалга келтирген. Үйдүн чатырлары кулап, дубалдары кыйшайып, ажырап кирүүгө коркунучтуу болуп калган.  Тамдан башка нан жапкан тандыры дагы урап түшкөн. Үйдө жалпысынан үч үй — бүлө жашайт. Эки баласы, келиндери  жана беш небереси менен. Учурда бул үй бүлө төрөлгөнүнө 40 күн болгон ымыркайы, жана андан башка неберелери менен  бир боз үйдө жашап жатышат.

Жер титирегенден кийинки үйдүн абалы:

Бул сүрөттөрдү жана маалыматты  жергиликтүү тургун Чагылган сайтына воттсап аркылуу жөнөттү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here