Чагылган: Сүрөттө 12 жаштагы абдан кичине кызын чоң атасындай кишинин жанында турат. Бирок, кызда үлпөт көйнөк, ал эми кишиде майрамдык костюм шым. Алар майрамдык сүрөткө түшүүдө.

Тасмада, ары-бери өткөндөр жаман көздөрү менен карап а тургай кээ бири кишини тилдеп да жатышты. Ал киши болсо, кыздын  ата-энесинен уруксат алгандыгын айтып тим болууда.

Адамдын жүрөгүнүн үшүн алган бул тасманы миллиондогон адамдар көргөн. Муну Ливандагы коммерциялык эмес KAFA уюму, кичине кыздардын сатылышына жана зордук-зомбулукка кабылуусуна каршы уюштурушкан.  Так ушул жагдайга наристе кыздар көп кабылууда.  Андан тышкары алар билим да алышпай калышат. Алардын көбү өз жанын кыйышат же оор төрөттөн каза болушат.

KAFA жүргүзгөн акциянын максаты — аталган көйгөйгө дүйнө элинин көңүлүн бурдуруу. Канчалык адамдар билимдүү болгон сайын, мындай көйгөйдөн алыс болушат. Дүйнөнүн 100 дөн ашык өлкөсүндө балдар менен никеге турууга  тыюу салынган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here