Москвада 2 адам кыргызстандык кош бойлуу келинди зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу «Московский комсомолец» кабарлады.
Окуя 1-майда Таганрог көчөсүндөгү үйдүн короосунда болгон. Кыргызстандык 28 жаштагы Муазамхон аттуу келинге белгисиз бир аял келип, ал анын күйөөсү менен ойноштук кылып жүргөндүгүн айтып айыптай баштаган. Экөөнүн ортосунда кайым айтышуу болгон. Андан кийин аларга 2 адам келип, алар Муазамхонды сабашкан. Сабап Авдеев атындагы гүл бакка алып кирип, кордоп кетишкен.
«2-майда эртең менен гана аял укук коргоо органдарына кайрыла алган. Шектүү деп эсептелген кыргызстандык 24 жаштагы Г.И. менен өзбекстандык 21 жаштагы П.И. ошол эле күнү кармалган. Ошондой эле, кыргызстандык келинди кордотууга шектүү — өзбекстандык 29 жаштагы Мухайе аттуу келин экендиги такталды», — деп айтылат маалыматта.
Аталган 2 келин тең бир адамдан кош бойлуу болуп, наристе күтүп жатышкан. Бирок, алар окуядан кийинки стресстен улам наристелерин жоготуп алуу коркунучу менен ооруканага жаткырылды.
turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here