Чагылган: Этти кыргыз, казак анан карышкыр эле жакшы көрөт десе, индустар деле бизден калбайт окшойт. Анткени 27-апрелде, Индиянын Уттар-Прадеш  штатында жайгашкан Кулхеди айылында өтүүчү үлпөт тойдо кызык окуя болуп өттү.  Бул тууралуу Outlook жазып чыкты.

Анда, карапайым бүлөдөн кызга күйөөлөп келген бала, дасторконго эттен тамак койбогону үчүн, кызды албайм деп баш тартып чыккан. Той өтпөй, кыз күйөөсүз калчудай болуп калганда, ошол тойго келген жигиттердин бири — ташталган кыздын колун сураган. Кыз да дароо макулдугун берген. Ошентип, этке таарынган күйөө үйүнө кур кол  кетип, кыз башка жигитке турмушка чыккан.

Кыздын ата-энесинин этсиз тамактарды (вегетрианский)  гана жасап калуусунуна себеп, штатта эт баасы өтө кымбаттап кеткендигинде болгон. Мындай жол менен жергиликтүү бийлик базарда мыйзамсыз эт саткандар менен күрөшмөкчү болгон.

Ушундай эле кызык окуя, Индиянын башка кыштагында катталган. Анда күйөөлөп келген жигит кызга берилген сеп аз деп чаң салган. «Мотоцикл алып бер»- деп кайнатасына салык салган. Макул болгон кайната аны да алып берет. Ага да көзү тойбой, дагы бирди дегенде жини келген кыз андан баш тартат. Ачууланган айыл эли, ач көз күйөөнүн чачын алып салып, үйүнө кууп жиберет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here