Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн 6-7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, жер титирөөнүн очогу Алай районунан күн-батыш тарапты көздөй 30-40 чакырым алыстыкта орун алган:
— Жер титирөө бүгүн саат 10:47де болду. Күчү очогунда 6-7 баллга жетти. Исфара, Ош, Баткенде 3-4 балл сезилди, Бишкекте 2-3 баллдык силкинүү байкалды. Андан ашкан жок.
Кыйроолор, адам өмүрүнө зыян келгени боюнча маалыматтар жок.
2-майда кечки саат 19:25те Ош облусунда да күчү очогунда 3 баллды түзгөн жер титирөө катталган.
Азаттык