Чагылган: Орус-Кыргыз фондусунун төрагасы Кулматов Кубанычбек учурда парламентте жер боюнча мыйзам долбоорун талкуулоодо суроолорго жооп берип жатып, депутаттардын айлык тууралуу суроосуна такалып-такалып, так жооп бербей, “биздин айлык коммерческий тайна” –деп кутулду. Ушул да жоопу? Белгилүү болгондой, буга чейин аталган фонддун мурунку жетекчисинин айлыгы 15 миң долларга чейин экени айтылып, ал маселе кызуу талкууга алынган болчу. Андан кийин, төраганын айлыгы 10 миң доллар деп айтылып келет. Бирок так маалымат айтыла элек. Элди куураткан Куламатов алган айлыгын эмнеге жашырат? Же айылгын 20 миң доллар кылып көтөрүп алды беле? Ансыз деле бул фонддун дыйкандарга, жөнөкөй адамдарга жарыгы тийген жок. Башынан бери эле Бабановго окшогон байларга, атка минерлерге иштеп келатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here