Чагылган: Бул сүрөттөгү  кичинекей 3 айлык наристенин колу,  Жалдагы балдар оорунаканысынын медайымдарынын дарылаганы  экен.  Анализ алууда ушундай метод колдонушкан дагы, энеси аларга кайрылып: » Бул эмне кылганыңар» десе, чоо-жайын түшүндүрүүнүн ордуна кайра аркырап беттен алышыптыр. Кичинекей баланы эмне мынча кордошот? Анализ алганды билбеген жок, жөн коюшпайбы.

Билгендерине айтып. Бул эмне деген шумдук!  Мейли венасын таппасын анда буттан деле анализ алса болот го. Медициналык окуу жайлардагы коррупция өз башыбызга минтип муш болуп тийип жатат. Дагы канча наристенин колу көк ала болуп жатты экен. Качанкыга чейин андай бетпактар жазасын албай ишин улантып жүрө беришет?

Бул наристенин энеси аты-жөнүн айтуудан жана милицияга арыз жазуудан баш тартты. Кыязы, катасын кеч түшүнгөн медиктер кечирим сурашкан окшойт.  Аталган балдар ооруканасын көп жылдардан бери жетектеп келаткан Камчыбек Узакбаев мындай алешемдиктерге көз салып коюшу зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here