Жалал-Абад шаарында ажатканадан төрөлгөн ымыркайды куткаруучулар жип менен алып чыгып, бирок ооруканадан көз жумду.
ӨКМдин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ч.Шекенов Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдагандай, 2017-жылдын 30-апрелинде 1987-жылы туулган Н.А. ажатканага барган учурда төрөп, ымыркай ажатканага түшүп кеткен. Окуя тууралуу келиндин жакындары Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн байланыш бөлүмүнө кабарлашкан.
«Кырсык катталган жерге жакын жайгашкан №20 аскерлешкен өрткө каршы бөлүгүнүн төрт кызматкери жөнөтүлгөн. Жакындары ымыркайдын тирүү калышынан үмүттөрүн үзүп коюшкан. Ошого карабастан өрт өчүрүүчүлөр тарабынан ыкчам чара көрүлүп, жаңы төрөлгөн наристени жип менен илип алуу аркылуу тирүү куткарышкан. Аны тазалап, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Тилекке каршы ымыркай ооруканада кайтыш болду. Мындай окуяларды алдын алуу максатында куткаруу кызматы кош бойлуу энелерди төрөтканаларга өз убагында кайрылууну эскертет», — деди Ч.Шекенов.
Булак: Турмуш.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here