Учурда ЖК жыйыны  түшкү тыныгууну узартып, ишти түштөн кийинкиге калтырбай биротоло жыйынтыктоо үчүн “катуу” иштешти. Жыйындын мындай созулганы чакырылгандарга жакпай калдыбы, айтор Айыл чарба министринин көп жылдан берки орун басары болуп иштеп келаткан Жаныбек Керималиев олтурган жеринде көнгөн адатынча созолонгон бойдон уктап кетти эле, анын маңдайында жакын олтурган ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов сөз алып:

Айыл чарба министри бул жерге уктаганы келби?Мурда дагы парламенттин жыйынында уктап калганы боюнча интернетке видеосу чыккан
Дагы уктап жатат. Мен сүрөткө  тартып алдым
”- деп маселени кабыргасынан койду. Туура айтты. Чын эле, Жаныбек мырза, ЖКга келсе эле созолонуп уктай бермейди көндүм адатка айлантып алды окшойт. Буга чейин да, анын уктагынын журналисттер камерага тартып алып, элге жайылткан. Баса, баякүнү да, тагыраагы өкмөт ЖКда бир жылдык отчөт берген күнү да парламенттин фоейсинде 2-3 адам менен бакылдашып олутуруп, эле дароо куш уйкуну салып жатканын, жанындагылардын ыңгайсыз абалда калгынын биз да кыска гана тасмага тартып алганбыз. Аны да сайтка коёбуз. Ага чейин  мурун элге жайылган тасманы дагы бир ирет көрүп алыңыздар. Баса, Турускулов өзү тартып  уйкучу орун басардын уктаган сүрөтүн-тасмасын журналисттерге береби, же бербейби? Балким, тиги уйкусу эзели канбаган орун басар Жаныбек мырза, Турускуловго «бере көрбөңүз» деп жалдырайт чыгаар. Мындай да болушу толук мүмкүн.  Негизи Керималиев ЖКга келсе эле уктай берет, жумушунда да ушинтип уктай береби, же аз болсо иштейби?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here