Чагылган: Албарсты басты деп ырдап чыгышып,  катуу сынга кабылып, сөгүү жеп жаткан «Hackmee»  («Көк мээ» тобу десе деле болчудай) тобу “Супер кг»  сайтына өздөрү  Албарсты жөнүндө минтип айтышыптыр:

«Негизи Албарсты башка улуу эпос, жомок, уламыштар сыяктуу эле кыргыз элинин улуттук кенчи деп айтууга болот. Бул Египет үчүн мумия, америкалыктар үчүн Бугимен, румыниялыктар үчүн Дракула сыяктуу эле. Алсак, Дракула үчүн жыл сайын 560 миӊдей турист Румынияны көрүү үчүн келет экен. Бул аталган өлкөнүн экономикасы үчүн эмне деген акча? Бирок дайыма эле андай боло берген эмес. Ал үчүн атайын фильм, мультфильмдер тартылып, ырлар ырдалган.

А биздин Албарсты алардан жаман да эмес, жадакалса мыкты. Эмне үчүн? Себеби ал ар кимге келиши мүмкүн, түрдүү образдарга айлана алат. Ал күчтүү, эч ким аны жеӊе албайт, ал өзү кааласа гана курмандыгын таштап кетет. Ал жөнүндө уламыштарды дээрлик элдин баары билет. Демек, биздин Албарсты да улуу жана күчтүү, андыктан Дракула, мумия жана башка чет өлкөлүк коркунучтуу каармандарга караганда, алардан да популярдуу боло алат. Ошон үчүн биз бул ирет Албарсты тууралуу фильм тартып, ал жөнүндө ырдап чыгууну чечтик. Ыр тамашалуу болгону менен фильм олуттуу», — деп “ачылыш” жасашыптыр. Бул кыздар уялып, элден кечирим сурашабы деп ойлодук эле, антмек турсун, минтип кайраэлди уялтып албарстыларды дагы даңазалашыптыр. Түшүнүктөрү түк жок немелер тура. Көрсө, көкүрөктөрү көңдөй немелер окшобойбу. Буларга айткан сөз жетпейт экен да… Бул ырчы кыздар топтун атын англисче кылбай эле, «Албарсты» тобу деп алышсын эми. Ансыз деле эл ошентип аташат, мындан ары…

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Бул кандай акмакчылык? МЕНИ БАСТЫ, КАЙРА МЕН АНЫ БАСТЫМ деген саптар эмне деген шермендечилик?! Албарсты бул каарман эмес экенин тушунушсо боло! Ал баскан адам жыргабай эле кыйналаарын билишпейби эмне?! Уялбай дагы кино тартабыз дегендери эмнеси? Чыгарма эфирге чыгаардан мурун атайын комиссиядан отобу, же ар ким оюна келгенин оттой берсе болобу? Тил комиссиясы, Маданиятта иштеген билерман Комиссия эмнени карап отурат?! Булардын ата-энесичи тыйып койгонго мээлери жетпептирби! АКМАКЧЫЛЫК!АКМАКЧЫЛЫК!АКМАКЧЫЛЫК! МАНКУРТТУКТУН ДА ЧЕГИНЕН АШЫНЫП КЕТИПТИР ГО!!!!!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here