Чагылган: Кытайдын Гуанси провинциясында жашаган ата-эне  баласын 6 жашынан бери темир тордо камап баккан. Бала 39 жашка чыкканда боштондукка чыккандыгын  South China Morning Post басылмасы жазып чыкты. Алардын мындай кылыгын кошуналары байкап калышып, дарыгерлерди чакырышкан.

Табылган кишинин апасынын айтымында, 80-жылдары күйөөсү экөө баласынын таң калыштуу аракеттерин байкаган соң аны темир тор артында багууну туура көрүшкөн. Алты жашында камалган бала караңгы жана ным бөлмөдө күн көрүп чоңойгон.  Текшерүү учурунда бейтап психикалык жактан оорулуу экендиги жана сүйлөй албай тургандыгы аныкталган. Ал ошондой эле ачкалыктан жабыр тартып келгени маалым болгон.

Учурда жарандын ата-энесине карата кандай чара көрүлө тургандыгы айтыла элек.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here