Бир жума мурун кыргыз маданияты таланттуу композитор, музыкант Азат Дөөткуловду жоготуп алды. Таланттын артында зар какшап үй-бүлөсү, туугандары, эли калды. Түгөйүн жоготконуна ишенбей турган кыргыз элинин таланттуу ырчы, актрисасы Сайра Момунбаева жолдошу чыгармачылыкта эле эмес, жашоодо да мыкты адам болгонун көзүнө жаш алып айтып отурду.

— Сайра айым, кайрат кылыңыз. Жолдошуңуз Азат Дөөткулов аз убакытта алып тынган ооруга качан чалдыкты?

 

– Азатка кант диабети оорусу 2011-жылы жармашты. Бирок ооруканадан, ийне сайдыруудан абдан корккондуктан инсулин албай койду. Ооруну олуттуу кабыл алып маани бербей, болгону таблетка ичип койчу. Убакыттын өтүшү менен оорудан улам ар жерине жара чыга баштады. Кийин бутуна чыккан жара айыкпай ырбап кетти. Ошондо да кичинекей операциядан коркуп жүрө берип, качан көбөйүп кеткенде гана барды. Ал маалда жара олуттуу ооруга айланып кетиптир, жети ай ооруканада ошол жарааты менен алышты. Коркконуна карабай башынан бир топ операция өткөрүүгө аргасыз болду. Кудайдын жазганы ушундай экен да, бир туугандар канттын деңгээлин түшүрө турган каражаттарды Кытайдан бери алып келишти. Тилекке каршы, сактай албадык. Азат болгону 54 жашта болчу.

– Социалдык тармактар аркылуу жардам сурадыңыздар, акыркы учурда каражат көп керек болду окшойт?

– Каражат жетиштүү эле табылып жатты. Бирок кан керек болду. Чыгармачыл адамдар бири-бирине жардам бергиси келет. Бизге да жардам бергиси келген айрым чыгармачыл адамдар демилге көтөрүп, социалдык тармактар аркылуу элге кайрылышыптыр. Аны укканда: «Жардам сурап чыгарбагыла, андан көрө алакан жайып Азаттын айыгышын Кудайдан тилеп коюшсунчу», — дедим. Бирок маалымат тез тараган бул учурда жардам сураган кайрылууну токтотууга мүмкүн болбой калды. Дегеле Азат бизден кетип калат деген ой менде таптакыр жок эле. Өзү дайыма: «85ке чыгам, мага атам өмүр жашын берген. Чоң атам 84 жашка чыгып, атама өмүр жашын берип кеткен», — деп калчу. Ошондуктан Азатта узак жашайм деген чоң ишеним бар эле. Андан улам мен да абалы оорлоп, комага түшүп калса да, комадан чыгып, айыгып кетерине ишенип турдум. Бирок биз ойлогондой болбой, ошол бойдон кете берди. Азатты жерге бердик, бирок мен анын каза болгонуна дагы деле ишенбей жатам. Бир жакта жүргөндөй эле сезилет. Кийимдерин, урунган буюмдарын көргөндө гана ичим эзилип кетип атат.

– Акыркы күндөрүндө кандай абалда жүрдү?

– Акыркы күндөрүндө каза болорун сезди окшойт: «Үйгө алып кетчи, кетеличи?» — деп калды. Бирок үйгө алып барганда дагы бир нерсе болуп кетпесин деп коркуп алып кеткен жокпуз. Акыркы күндөрү ооруканадан тажап, үйдү аябай самады. Аябай арыктап кеткен, дарыгерлер денесинен улам ириң алып жатышты, ага Азат эмес, бери жактан карап турган биз чыдабай жаттык. Мага керээз кылып айткан сөзү болгон жок, мени аяды окшойт. Кайниме эле: “Кокус көзүм жумулуп кетсе, Кочкорго алып барып койгула», — дептир. Ал керээзин аткарып сөөгүн өз үйүнөн эмес, өскөн үйүнөн чыгардык. Өзү Кочкорду аябай жакшы көрчү, жерин мактаган жагынан Азатка эч ким жетпейт эле. Азаттын Кочкордун театрын оңдойм, чыгармачыл адамдарын көтөрөм деген пландары, максаттары ишке ашпай калды.

– Акыркы учурларда эмне менен алек эле?

– «Учур» теле театрында эле иштеп аткан. Жумамүдүн Шералиев атабыздын чыгармачылыгына кайрылып, чыгармаларын жаңыча стилде, дүйнөлүк ритмдерге салып иштеп чыккан. Анысы концерт болуп коюлуп, теленин фондунда сакталып калды. “Түрксой” уюмунун колдоосу менен жеке концертин берүүнү да кеңешип жатканбыз. Анын баары ишке ашпай калды (ыйлап).

– Билгендер экөөңүздөрдү өтө ынак болушчу дешет?

– Экөөбүз тең чыгармачыл адам болгонго бири-бирибизди толуктап, чыгармачылыкта эң жакшы кеңешчилерден элек. Азат жаңы кайрык жазса, биринчи мага кеңешчү, мен ой-пикиримди айтчумун. Кийим тиккенде фантазиям жетпей калган учурда жолдошумдун пикирине таянчумун. Баш кошконубузга быйыл 26 жыл болгон. Жашоодо өйдө-төмөн болот эмеспи, бирок мен төркүнүмө кетип калып, ажырашып кайра табышкан көрүнүштөр бизде болгон жок. Бири- бирибизге катуу айтпай, түшүнүшүп жашадык. Бай да, кедей да болбой ак эмгегибиз менен күн кечирип келдик.

– Сиздерди чыгармачылык табыштырганбы?

– Ооба, Азат «Күлгүн жаш» эстрадалык ансамблинин жетекчиси болчу. Ал кезде баарыбыз жандуу ырдачубуз, фонограмма деген жок эле. Бир жолу ооруп калып спектаклге жазылган ырга үнүм жетпей калды. Азатты сыртынан таанычумун, бул тууралуу ага айтсам алар иштеген маданият үйүнө чакырып, жакындан таанышып калдык. Кийин ала качып кетип, күтүүсүздөн Азаттын жубайы болуп калдым. Кыз-жигит болуп сүйлөшпөсөк да, бат эле тил табышып, жакшы жашап кеттик. Азат абдан тамашакөй, ак көңүл адам болчу. Мен көк бетирээк болгонго талашып кетсек көпкө сүйлөбөй калчумун. Ал болсо, бир аздан кийин эле: «Ээ, Сайра», — деп баарын унутуп келип калчу. Ал оюн ошол жерден айтып, ичине кир, жаман ой сактачу эмес.

– Канча балага ата-эне болдуңуздар?

– Бир кызыбыз бар. Азат: «Эркек балам жок», — деп арман кылчу. Мен төрөттө абдан кыйналып, ары барып эле бери келгем. Андан улам убакыт өткөрүп төрөйүн деп коркуп жүрдүм. Кийин шаарга келип чыгармачылыкта бир аз иштеп алалы, жеке концерттерибизди берели деп калдык. Ошентип жүрүп эми балалуу бололу дегенибизде, тилекке каршы, Кудай Таалам берген жок. Ал үчүн Азат көңүлүмдү оорутпады. Болгону: «Кайненемдин керээзи менен экинчи аял алам», — деп тамашалап калчу. Апам эски киши да, ал чын эле Азаттын эркек балалуу болушун каалап, ага экинчи аял алууну менин көзүмчө эле сунуштачу. Бирок чындап алам деп чыккан жок. Болбосо мен каршы эмес элем. Кызым 24 жашта, окуусун бүтүп мага жардам берип жанымда. Азат жалгыз кызынын жакшылыгын көрбөй калды.

– Жолдошуңуздун көзү тирүүсүндө ишке ашыра албай калган арманыңыз барбы?

– Азатка: “Музыкаларыңды чогулт, диск чыгаралы», — деп көп айтчумун. Бирок чыгармачыл адамдар жулунбаган, ток пейил болушат эмеспи, Азат да ошонусуна салып койду. Мен Азаттын кызык окуяларын кошуп фильм-концерт тартсакпы деп жүргөн кезде ал ооруп, оюмдун баары жумуш менен ооруканада болуп калды. Анан күн жылыганда тарталы деп атып, аны түбөлүккө жоготуп алдык. Бул оюм ишке ашпай калганына абдан өкүнөм. Эми жубайы катары анын чыгармаларын жыйнап, атын өчүрбөгөнгө дайыма аракет кылам.

Булак: Ledi.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here