Чагылган:  Диеталогия жаатында эмгектенген америкалык окумуштуулар, адам күнүнө жеши керек деп 3 жемиштин атын атады. Алма, сабиз жана грек жаңгагы организмди керектүү витаминдер жана антиоксиддер менен толуктап, тамак сиңирүүнү жана баш мээнин иштешин жакшыртат деп кабарлайт  РИА VistaNews.

1-орунга диетологдор алманы сунушташкан.

Алар мыкты антиоксидант эле болбостон, жашоо процессинде организмге өтө пайдалуу делген көптөгөн витаминдер менен минералдарды камтыйт.

Ал эми сабизде, бардык организмге керектүү А витаминин бай кени жатат. Андан тышкары, ал тамак сиңирүүнү жана жоон ичегинин иштешин жакшыртат.

Холестеринди бир калыпта кармап жана артериалдык кан басымга грек жаңгагы жардам берерин окумуштуулар ишенимдүү билдирет.  Грек жаңгагында, сосуддардын жана баш мээдеги кан айланууну иштешин жөнгө салуучу бир топ витаминдер менен биологиялык активдүү азыктар бар.

Окумуштуулар кошумчалагандай, аталган азыктарды адамдар күнүнө жегенге аракет кылышы керек  жана алар табигый түрдө болсо жакшы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here