Максатбек Жолдошбеков деген кыйла атактуу “аферист” бар экен. Жердиги Кочкорлук дешет. Аны издегендердин саны барган сайын көбөйүп жатыптыр. Көрсө, ал бир эмес, бир нече адамдын аз эмес суммадагы акчаларын ар кандай жол менен алып, кайра кайтарбай койгонду жакшы өздөштүрүп алган экен. Өзү бутум ооруйт деп, майыптык боюнча документ алган. Маселен, кочкорлук Мербакиев Рахимжандын 2014-жылы “Мерседец-Бенц” үлгүсүндөгү, ( мамлекеттик номери В 21-49 Е.) машиенесин  1500 долларга карызга алып, акчасын бербей коюптур.  Ал Кочкор райондук милицияга кайрылса, милиция мындай иштер менен прокуратурга кайрылгыла деп жолго салган.

https://www.youtube.com/watch?v=XMmay7u7yWQ&feature=youtu.be

Максатбектин үстүнөн Кочкор райондук милициясына  Осмоналиев Кубанычбек дагы арыз жазган. Максатбек андан  “Кочкор-Бишкек” такси кызматын Юстиция министрлигинен ОсОО кылып бүтүрөм деп акча алып, ОсООдон жок де ошо бойдок жок болуп, житип кеткен.  Мындан тышкары: Акыл Касымалиевден 25 миң сом, Асанбаев Кеңешбектен 20 000 миң сом, Бекташ деген ишкерден китеп чыгарып берем деп 75 миң сом, эстелик жасаган Анарбектен 100 доллар, “Кочкор Эл биримдигинин” мурунку төрагасы Тынар деген жигиттен 15 миң сом алып кеткен, ага баннер чыгарып берем деп кулакка тээптир. Баса, губернатор Аманбай Кайыпов Кочкордун футбол клубуна 15 миң сом берсе, ал акчаны да ыгын таап алып кеткен дешет. Ошондой эле, «Боб» деген байкеден да 15 миң сом алыптыр. Минтип тизмектеп кете берсе, тизме узун экен. Бул адамдардын айырмдары сайтка вотсап аркылуу тасма жиберишкен аны бул жерден көрүңүздөр:

https://www.youtube.com/watch?v=6az9n9JePU4&feature=youtu.be

Негизи мындан башка дагы ага чоң акча берип, бирок ала албай калган айрым адамдар баштан-көздөн садага деп жүрүшөт дейт.  Жогоруда аттары аталган адамдар ж.б. Жолдошбековду жоготуп жиберип, таппай жатышыптыр. Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБси Максатбек Жолдошбековду издөөгө алганы менен, таба элек экен. Эгер таап калса, таарынбай эле койсун дешет.  Бул аттары аталган карыз доолаган адамдардан  биздин гезитке атайын кайрылуу түштү. Баса, бул жигит бир кездерде журналистикка тармагында да чала-чарпык иштептир. Деги, мындай “аферисттерден” сак болгулачы. Бул шылуун эми өз жердештерин минтип алдап жүрсө, узап деле кетпейт го. Айылына кантип кирет?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here