Оштун Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында көчкү басып калган бешинчи адам табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы сөөк 2-майда кечке жуук топурак астынан чыгарылганын «Азаттык» радиосуна билдирген. Белгилүү болгондой бүгүн дагы бир адамдын сөөгү табылган болчу. азырынча алардын аты-жөнү айтыла элек.