Чагылган: Бишкек шаардык сотунда, 27-апрелде, Нурдин Малдыбаевдин арызы боюнча соттук процесс болуп, сот арыз ээсинин пайдасына чечип берди. Бул тууралуу КРнын Кыйноолорго каршы коалициясынан билдирди. Эске салсак, Малдыбаев Прокуратуранын шалаакы мамилесине карата арызданган.

2004-жылы Нурдин Малдыбаевди киши өлтүрүү боюнча кылмыш жоопкерчилигине тарткан. Аны кылмышты мойнуна алдыруу үчүн кыйнашкан. Ошол эле жылы Малдыбаевди кыйнаган кызматкерлерге карата кылмыш иши козголгон.

«Эркиндик үнү» порталы билдиргендей, кызматкерлер аны кылмышты мойнуна албаса, киши өлтүрдүгө кошуп, кылмыштан качты деп жоопкерчиликке тартаарын айтып психологиялык басым жасаган. Укук коргоочуларга Малдыбаевдин атасы жардам сурап кайрылышкан.

«Бишкек ИИБнин кызматкерлери  бир нече күн аны кол менен жана дубинка менен башка, кулакка, дененин ар кай бөлүгүнө уруп, башына целофан мүшөк кийгизип, зордуктоого коркутушкан. Натыйжада, Малдыбаевдин ден соолугуна оор залал келип, ал 30% ишке жарамдуулугунан ажыраган», — деп белгилейт портал. Кыйноолорго каршы коалициясынын маалыматы боюнча, Нурдин тергөө иштери  жана  сот иштери созулуп олтуруп, СИЗОдо 4,5 жыл отурган.

2012-жылы 16-октябрда Жогорку Сот акыркы ирет Нурдин күнөөлүү эмес деген чечим чыгарган.

Бошонгондон 4 айдан кийин, 2013-жылы Малдыбаев кайрадан Прокуратурага аны кыйнаган милицияларды жазага тартуу максатында арызданган. «Бирок, Башкы прокуратура Нурдиндин арызын негедир шаардык прокуратурага жиберген, алар өз кезегинде Свердлов райондук прокуратурасына жөнөтүп койгон. Ал жактан карап туруп, жооп катары кайрадан Шаардык прокуратурага жөнөткөн», — деп кабарлайт коалиция.

Туура бир жылдан кийин, Башкы прокуратура  жаңы ачылган себептер менен ишти жаңыртуунун мөөнөтү өтүп кеткендигин кат аркылуу Нурдинге кабарлап, иштен баш тарткан. Прокуратуранын шалаакы мамилеси боюнча Н. Малдыбаев да кайрадан арыз жазууга мажбур болгон.  Ал эми Светлана Крицтин төрагалыгы алдында турган Бишкек сотунун соттук коллегиясы,  Прокуратуранын башка прокуратурага кайрадан жөнөөтүүсү «бездействие» эмес аракет экендигин айткан. Бул иш да Прокуратура тарабынан мыйзам чегинде каралбастан, жөн гана кат жолдоп тим болушкан.

«Эми кайрадан ачылган иш боюнча, алар кандай текшерүү жүргүзгөндүгүн кайра көрсөүтүү мүмкүн эмес»,- деп жыйынтыктады коалиция.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here