Чагылган: Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Кентавр» тасмасы Белгияда өткөн MOOOV кинофестивалында баш байгени жеңип алгандыгын фильмдин продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Анын айтымында, фестиваль 18-30-апрелге чейин Тюрнхаут жана Брюгге шаарларында өткөн. «Фестивалдын Арт -директору Марк Бунен өз катында «Канвас» байгеси фестивалдын мыкты фильмине тапшырылгандыгын жана Белгия, Нидерланд жана Люксембургда дистрибуциялары кепилденет» —  деп белгилеген.

«Кентавр» тасмасы Бенилюкс мамлекеттеринде 2018 — жылдын жазында прокатка чыгат.   Маалыматка ылайык, сынактын негизги программасында: Түркия, Сингапур, Индия, Мексика, Түштүк Африка, Сенегал жана Кыргызстандан барган 8 фильм коюлган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here