Чагылган: Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан Кара-Суу базарынан жер басып алуу тууралуу маалыматы текшерилүүдө.

Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү Ж.А. баштаган жарандар Кара-Суу райадминстрациясына , 9-апрелде 19:00 чамасында жеке соода бирикмесинин жумушчулары эч кандай уруксат кагазы же соттун чечими жок эле соода контейнерлерди бош жерге орноштура баштаганын жазып арызданышкан. Муну  менен катар арыздануучулар контейнерлер коюлган жер тилкелерине бардык керектүү документтерин көрсөтүшкөн.

Ушуга байланыштуу Кара-Суу админстрациясынын акими, тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн комиссия түзгөн.  Жыйынтыгында, Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жерди мыйзамсыз басып алган, жергиликтүү бийлик алардан эч кандай тактама документин таба алышпады.Белгилүү болгондой бул базар Кыргызстандагы чоң базарлардын бири. Ал ырчы, саясатчы чалыш Ибрагим Жунусов менен анын агасына таандык экени айтылып келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here