Чагылган: Астананын аэропортунан Афганистандын Казакстандагы мурунку элчисин кармап кетти.  Кызматын үтүп, Кабулга кайтып бараткан Мохаммад Фарук Баракинин тамашасы үзүнү убаракерчилик алып келди.   Afghanistan.ru. маалымдагандай, элчи Кабулга кайтып келе жатып Астана аэропортунан казак бажычылары: «багажда эмне бар?» деп бир нече ирет сурап, ишенбей аңтарып текшере бергендиктерине   ачуусу келген дипломат, тамаша иретинде: «бомба бар»- дей салат.

Астана аэропорту, айтылган тамаша сөздү жүйөө кылып, дароо эле аэропорттун өтмөктөрү жабылып, окуя болгон жерге  100 спецназ жетип келген. Дипломатты 3 саттай камап отуруп, акырында Казакстандын ТИМне коңгуроо кылышып, алардын кепилдиги менен бошотушуп, сапарын уланткан.

Бул боюнча Афганистандын ТИМи эч кандай билдирүү  тарата элек.

Учурда Афганистандын Казакстандагы жаңы элчиси болуп, мурунку афган Улуттук армиясынын башчысы Кадам Шах Шахим дайындалды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here