Чагылган: Айылдык мектептин мугалимдери муну жумуштан чыгып калбоо үчүн жасагандыгын айтышкан. Директор аларды бала бактырып,үй чумуштарын жасатып, кир жуудуруп, тамак жасатып жана малга да жумшап келген.  Акыры мектепте иштегендер мындай мамилеге чыдабай, ич-ара ыйкы-тыйкы боло башташкан. Мугалимдер акыры  жумуштан кол жууп калуудан коркконбуз деген негиз менен облустук прокуратурага жана акимbатка арыз жазышкан.  Алардын айтымында, директордун жолдошу райондук маслихиатта депутат.  Бул оку бизде эмес, Казакстандын Актөбө облусунун Жосалы айылда. Аталган айылдын мектебинин мүдүрү мугалимдерди мажбурлап үйүн жыйнатып, тамак  жасаткан. Азыр анын мугалимдерге жасаган мамилесин Прокуратура карап жаткандыгын NUR.KZ жазып чыкты.

«Директордун наамына арыз түшкөн. Анын негизинде комиссия түзүлүп, иш алып барууда. Мен директордун өзү менен жана айыл тургундары менен жолугушкам. Директор 4 адамды жумуштан чыгарып салыптыр. Эки кызматкерди, ден соолугуна байланыштуу эмгекке жарамсыз деген документине карабай иштен айдаптыр. Экөө өз каалоосу менен иштен кетиптир.  Азыр бул адамдарга жумушун кайтарып берүү үчүн  иш жүрүп жатат», — деп билдирди облустук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Омирбекова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here