Чагылган: Өлкөбүздө атаандаштыктын негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан ар кандай  жеке клиникалар абдан көп. А бирок кеп алардын санында эмес сапатында болуп жатпайбы…  Ал эми  дермато-косметолог дарыгер Айнура Сагынбаева жетектеген клиника учурда тажрыйбалуу дарыгерлер эмгектенген  өлкөбүздөгү алдыңкы  клиникалардын бири болуп эсептелээрин баса белгилеп кетмекчибиз. Айымдардан тышкары мырзаларга да сулуулук тартуулаган бул клиникада мындан бир ай мурун интим пластика кызматы ачылган экен. Эми ушул сыяктуу маалыматтар биздин элде мурда уят нерсе катары кабыл алынчу эле. А сыртта болсо 21-кылым… Чындыгында тартынып, уялып, адис дарыгерге өз учурунда кайрылбай жүрүп көптөгөн үй-бүлөлөр бузулду. Үй-бүлө демекчи, жубайлардын ажырашуусунун бирден бир себеби, интимдик жашоосуна да байланыштуу болоору баарыңыздарга эле маалым болсо керек. Андыктан аталган кызмат тууралуу маалымат алуу үчүн жакында Айнура Сагынбаева менен маек курган элек. “90 пайыз үй-бүлөнүн жакшы жашап кетишинде  интимдик жашоонун гармониясы да абдан маанилүү экен”,- деп  ачык айткан Айнура айым төмөндөгүдөй маалыматтарды берди.        

— Айнура айым, сиздердин клиникада интим пластика кызматы ачылган экен. Аты айтып тургандай эле бул жубайлардын интимдик  жашоосунда чоң роль ойной турган  кызмат болсо керек…

— Сиз туура эле баамдаптырсыз.  Негизи эле буга чейин интимдик жашоого байланыштуу “кой, уят” деген тартынуулардын айынан бир топ үй-бүлөлөр бузулгандыктан көп балдар атасыз, апасыз калышты.  90 пайыз үй-бүлөнүн жакшы жашап кетишинде  интимдик жашоонун гармониясы дагы абдан маанилүү экен. Бул тууралуу биздин менталитетке байланыштуу мындай маалымат көп айтылбайт эмеспи… Эми интимдик жашоо көп  учурда эмне үчүн жакшы болбой жатат? Анткени аялдар төрөйт, көптөгөн түйшүктөрдү тартат. Анын төрөгөндөн кийин жыныстык органдары ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болот. Ошон үчүн көп үй-бүлөлөр ажырашып кетип жатат. Көбүнчө эркектер ачыгын айтканда токол алат, ойнош күтөт. Анткени аялы экөөнүн ортосунда интимдик жактан түшүнбөстүктөр пайда болот. Андыктан өзүбүздүн пациенттерибиздин койгон талабы менен ушул кызматты ачканбыз. Мисалы, аялдын сырткы жыныстык органы төрөттөн  жарылат, айрылат же тубаса чоң жана кичине болот. Чоң болгондо ич кийим кийгенде сыртынан көрүнүп калышы мүмкүн. Ал эми кичине болгондо тескерисинче жакпай ар кандай инфекциялар кирип кетиши мүмкүн. Жыныстык органынын ички жагы төрөттөн кийин чоюлуп калат. Чоюлуп калганда оргазмга жетпей калышы мүмкүн. Сезимталдыгы да азаят.

» Кыздарга гимено пластика жасалганда кыздык калыбына келтирилет»

-Ал эми кыздарга кандай кызмат көрсөтүлөт?

-Кыздарга гимено пластика жасалганда кыздык калыбына келтирилет. Эми жашоодо ар кандай күтүлбөстүктөр кездешкендиктен зордукталган же болбосо алданып калган кыздар болот. Ошол бойдон биздин менталитетке жараша өмүр бою бирөөлөргө кеп-сөз болуп психологиялык жактан жабыр тартып калат. Эми интим пластиканы баштаганыбызга буюрса бир ай болуп калды. Биздин клиникада 10-15 жылдык иш тажрыйбасы  бар гинеколог дарыгерлер кызмат көрсөтүшөт.

-Аялдар мындай операция жасатаардын алдында  эмне кылуусу керек жана операциядан кийин өздөрүн кандай сезүүсү мүмкүн?

-Бул операция өтө олуттуу операция болгондуктан буга  алдын ала даярдык көрүлгөндүктөн пациенттер атайын анализдерди тапшыргандан тышкары моралдык жактан да даяр болушу керек. Эми мындай операция төрөттөн кийин жарым жылдан кийин жасалат. Төрөсө болобу же болбойбу?- деген суроолор болот. Кесарево жолу менен төрөсө болот.  Анан антим пластикадан кийин ички интим пластикада кадимкидей жыныс органдын ички жагы кадимкидей кичирейип аялзаты интимдик жашоодо мурдагыга салыштырмалуу өзүн жакшы сезип калат. Жолдошунда болсо башкача сезимдер пайда боло баштайт. Мындан тышкары, контур пластика тууралуу айтсам, сырткы жагы кичинекей болгондорду май менен толтурабыз. Ошондо сыртынан да эстетикалык жактан жакшы көрүнөт. Бул эми уят дегенибиз менен үй-бүлөнүн сакталып калышына жакшы эле таасирин тийгизет. Себеби интимдик жашоосу ойдогудай болбогондуктан  экинчи үй-бүлө күтүп жүргөндөр көп да. Балким ушул маселени чечсек  көптөгөн үй-бүлөнү сактап калабыз. Эми албетте коомчулукта ар кандай пикирлер жаралышы мүмкүн. Анткени канча адам болсо ошончо ой-пикир болот. Башында адам туура эмес кабыл алганы менен, качан гана өзүнүн башына келгенде түшүнөт деп ойлойм.

-Эмесе сиздерге  пациенттер канча жаштан баштап кайрылышы керек?

-Алгач пациенттер бул маселе менен кайрылышканда кеңеш беребиз. Андан кийин керектүү анализдерди (кан, мазок) тапшырат. Анан операция жасалат.  Айымдардын жаш курагы тууралуу айта турган болсок , 18 жаштан тарта 50-60 жашка чейин кайрылышса болот.  Учурда өз каалоосу менен пациенттер кайрылышкандыктан мындай операциялар ийгиликтүү жасалып жатат. Эми ар бир операциянын өзүнүн көрсөткүчтөрүнөн тышкары каршы көрсөтмөлөрү да бар. Кыздыкты кайра калыбына келтире турган операциялар да жасала тургандыктан бир аз талаш-тартышты жараткан учурлар болуп жатат. Кыздар болсо баары бир ар кандай билип-билбеген гинекологдорго барып көрүнүшөт. Ошон үчүн кыздар жакшынакай шарттары бар клиникага келип тажрыйбасы күчтүү адистерге операция жасатышса өзүлөрүнүн келечегине жакшы болот.   Анткени кыздар келечектеги энелер да.

Суроо салган: Нуркемел  ИСАЕВ

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here