Чагылган: Мындай маселени кечээ шашылыш жыйында Аалымдар кеңешинин 11 мүчөсү  талкуулап, сунушту бир добуштан колдошкону белгилүү болду. Аталган кеңеш эми мындан ары  көчкү алдында  калгандардын сөөгүн издебей, ошол жерди мүрзөгө айлантуу боюнча фатва чыгарды. Расмий таратылган маалыматта: жер көчкү же башка ушул сыяктуу апааттарда топурак астында калгандардын сөөгүн табууда кыйынчылык жаралса, ошол жерди кабырга айлантууга шарият жол берери айтылды. Мындай чечим менен  (фатва) менен тааныштыруу үчүн кеңеш мүчөлөрү бүгүн  кырсык болгон Аюу айылына барышмак болду.  Ошондой эле, 5-май күнү Жума намаз окулган мечиттерде кырсыкта мерт кеткендерге атап куран окуу чечими кабыл алынды. Аалымдар кеңешинин бул чечимине коомчлук каршы чыкпаса керек. Себеби, элибиздин басымдуу бөлүгү мусулман, Ислам дининдеги шариятка баш ийишет. Айрым  гана адамдар, балким туугандары, же башкалар бул чечимге каршы чыгышы мүмүкүн. Анткени, мындай фатваны баары туура көрүп, кабыл алат деп айтууга кепилдик жок. Ошентсе да, азчылык, көпчүлүккө баш ийиши абзел.

Күтүлбөгөн кырсыктан шейит кеткен мекендештерибиздин жаткан жерлери жайлуу, топурктары торко болсун дейли. Жаратканыбыз алардын жанын жанаттан кылган болсун. Ал эми алардын жакын туугандарына сабыр тилейбиз.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here