Чагылган: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өзгөн районунун Аюу айылында көчкү басып калгандарды издөө иштери бүгүн таң эртең менен башталып, ага куткаруучулар, жергиликтүү тургундар, милиция кызматкерлери, жоокерлер тартылып, жалпы 380 адам иштеп жатканын билдирди. ӨКМдин басма сөз кызматы: «Издөө иштери 2017-жылдын 1-май күнү саат 07:45те улантылды. Издөө иштерине КР ӨКМнин Республикалы өзүнчө куткаруу отрядынан 110 куткаруучулар, КР ӨКМнин Облустук өрткө каршы куткаруу кызматынан 40 куткаруучулар, КР ӨКМнин Ош шаардык өрткө каршы башкармалыгынан 40 куткаруучу, андан сырткары жергиликтүү тургундардан 40 жаран, ИИМден 50 кызматкер, Жалал-Абад облусунун аскер бөлүгүнөн 50 (улуттук гвардия), Ош шаарынан аскер бөлүгүнөн 50 жоокер, жалпы 380 адам тартылды«-деген маалымат таратты.

Албетте, көлөмү 1 млн. куб метр деп айтылып жаткан жер көчкүнүн алдында калган 21 адамды издөө ишине болгону 400гө жетпеген адам тартылганы аздык кылат. Кыргызда, «көп түкүрсө, көл болот» деген сөз бар. Мына ошол накыл сөздү эске алып, мындай чоң кайгынын кесептин жоюга 400 эмес, миңдеген адамдар тартылса жакшы болмок. Болгону аны уюштуруу керек.

https://www.youtube.com/watch?v=786KhUFFICE&feature=youtu.be

Жергиликүү бийлик, өкмөт эмнени ойлонуп жатышат? Бул окуя ошол жер көчкүдө калган 24 адамдын жакын туугандарынын эле кайгысы эмес, улуттук кайгы, жалпы элибиздин кайгысы катары кабыл алышыбыз абзел. Январдын 16сында учак  кулаган Дача -СУ айылындагы кырсыктын кесептин жоюу ишине, жардам кылууга, улутуна карбай жалпы элибиз кол сунган. Бул жолу да ошондой кылуу зарыл. Түштүктө дагы бир топ аскер бөлүктөрү бар. Эмнеге алардын айрымдарынан гана 50дөн эле жоокер тартылган?  Алар аздык кылат десе, түндүктөгү аскер жоокерлерин алып барышсын.  Эч болбоду дегенде ошол жоокерлерди жер көчкүнү казуу ишине тартса жакшы болмок. Андан тышкары, өз каалоолору менен кол кабыш  кыла тургандардын баарын алып барса жаман болбос эле.

Мына ушундай жапа тырмак киришсе, жыйынтык болмок деп ойлойбуз. Эки күндөн бери деле 300дөн ашуун адам 3 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул да жыйынтык. Ал эми аалымдар кеңешиин чечими боюнча шейит кеткендердин сөөгүн казбай, калтырып коюу маселесин көпчүлүк жүйөөлүү деп эсептеп башташты. Бул да бир четинен туура деңизчи. Бирок каза болгондордун жакын туугандарынын айрымдары буга макул болбос. Себеби, алардын туугандарын ак кепиндеп жерге көнмөйүнчө көксө оңой менен канбайт да…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here