Чагылган: Саламаттыкты сактоо министрлиги Жер көчкү жүргөн Өзгөндүн Аюу айылынан ооруканага жаткырылгандардын саны 10го жеткенин билдирди. Алар негизинен көчкүнүн алдында калгандардын  туугандары. Өзгөн аймактык ооруканага жаткандардын алтоосуна невроз диагнозу коюлган. Бирөө сасык тумоого кабылган. Дагы бир  бейтаптын кан басымы көтөрүлүп, абалы турукташып калганы айтылат. Дагы бир жашоочу инсульт болгон. Абалы оор. Жалпысынан жеринде иштеп жаткан 4 көчмө медициналык бригадага 60 тургун кайрылган. Белгилүү болгондой көчкүнүн көлөмү 1 миллион куб метр, бийиктиги 10 метрге чейин жетет. Анын алдында калган 24 адамды издөө иштеринин натыйжасында үч адамдын жансыз денеси табылган. Учурда тазалоо иштери уланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here