Айылда 61 турак-жай бар. Мындан тышкары мектеп, бала бакча, ФАП жана мечитке коркунуч жаралууда.

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында жер көчкү жүрүп, 11 турак жайды басып калды. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган айыл аймактын Курбу-Таш жана Маркс айылдарынын ортосунда көчкү акырындык менен сүрүлүп отуруп, 300 метрге чейин жылган.

«Сүрүлүп жаткан көчкү кечээ, 30-апрелде 10 үйдү басып калса, бүгүн 11-турак жайды басып, 12-үйгө жакындап калды. Ошондой эле өйдө жактан агып түшкөн сууну бөгөп калып, суу топтолууда. Айылда 61 турак жай бар. Мындан тышкары мектеп, бала бакча, ФАП жана мечитке коркунуч жаралууда», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ӨКМ тарабынан 15 чатыр тигилип, жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Учурда дагы 46 даана чатыр, гигиеналык каражаттар бөлүнүп 28 үй-бүлөнү көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: Спутник

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here