Чагылган: Кытайдын  Гуанчжоу шаарында Dream Town стартапы менен  алектениип жүргөн, IТ-адиси Чжен өзү жасаган робот кызга үйлөнгөн. Ага  Иньин аттуу робот кызды жасоо кыйынчылык деле туудурган эмес.

Алардын  тою жергиликтүү салт боюнча өткөрүлгөн. Жаңы келиндин үстүнө кара костюм кийгизилип, ал эми башында кызыл жоолук болгон аялынын жасалма интеллекти бар. Робот сүйлөп, түшүнүп, талапка ылайык сүйлөй алат. Программасына бир катар көз караштар киргизилгендиктен, кээде өзү чогулткан робот айым  менен тил табыша албай калган учурлары болот.

Алардын интимдүү жашоосу тууралуу эч нерсе белгисиз. Бирок, адистер аялдын жыныс мүчөсүн роботко орнотуу, аны сүйлөтүүгө караганда, алда канча оңой дешет.  Окумуштуулар адамдардын робот менен никелешүүсү жакынкы жылдары кадимки көрүнүшкө айланаарын айтышат. Мындайлар 2050-жылга чейин болушу мүмкүн.

Бул роботтордун тез өнүгүүсү, мыкты жолдош, кызганбаганы жана ден соолугуна даттанбай турганы менен байланыштуу. Жыйынтыгында келечекте көпчүлүгү жашоосунун идеалдуу жандоочусу катары роботторду тандап калышат.

Кошумчалай кетсек, азыркы убакта никелешүү укуктар тармагында революция жасаган Техас штаты болуп саналат. Ал жакта жаныбарлар жана жансыз буюмдар менен никеге турууга официалдуу түрдө 2004-жылы уруксат берилген. Ал эми коллекция жыйнаган буюмдарга жана күнүмдүк турмушта кийилген байпак менен бананага тыюу салынган. Бирок, бир ай өткөн соң штаттын парламенти мындай никени каттоону убактылуу токтотуп турууну чечкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here