Чагылган: Белгисиз адамдар тарбынан «Альфа секьюрити» күзөт агенттигинин кампасынан 20 даана курал уурдап кетишкени Бишкек шаардык ИИББнен маалым болду. Бул кылмыш иши 27-апрелде болгон. Кылмышты ишке ашыргандар тууралуу шек-шабыры тууралуу азырынча айтыла элек. Бирок мынча куралды билгендер эле уурабаса, билбегендер кайдан уурдашат? Андыктан, биринчилерден болуп аталган агенттиктин кызматкерлери суракка алынышы мумкун.