Кечээ күнү дүйнө коомчулугу көптөн күткөн  дүйнөлүк бокска күбө болушту. Айтылуу дүйнө чемпиону Владимир Кличко менен британиялык мушкер Энтони Джошу менен Лондондогу 90 миң адам баткан атактуу «Уэмбли» стандионунда бетешти. Беттештин 4 -раунданда Энтони артыкчылыгын көрсөтүп, Кличкону нокдаунга түшүрсө, 5-раунда өзү нокуданга түштү.

https://www.youtube.com/watch?v=I00eO_wQKz8

Бирок баарыбир Энтони Кличкону көбүрөөк муштап жатып, 11-раундда 2 жолу кулатты. Ушундай кийин беттеш токтотулду. Энтони 27 жашта болуп, болуп, толуп туган чагы.

https://www.youtube.com/watch?v=osi-KA0a2Mw

Ал профиссионалдык беттеште 19 ирет болуп, баарында тең  12-раундга жеткирбей жеңип чыккан. Ал эми 41 жаштагы Кличко, ушуну менен 5чи ирет жеңилүү ызасын тартты. Кличко жалпысынан 64  жолу беттешип, анын 53 жолкусун нокут менен жеңген. Албетте, Кличко бокс үчүн карды. Эми жөн гана эс алышы керек. Тайсон, Рой Жонсторго окшоп, карыганын билбей, акча үчүн кайра -кайра жаш  мушкерлер менен беттешке чыга бербей койсо жакшы болот. Эң ириде өзүнүн кадыр-баркын сактайт эле. Бирок акча азгырыгы деген оңойбу. Бул беттеште Кличко менен Энтони экөө тең 13 млн. доллардан алышты.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here