Чагылган: Өзгөндүн Аюу айылындагы жер көчкү басып калган 24 адамды издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов “Азаттыктын” кабарчысына билдирген. Ал аталган айылга түндө кыламык кар түшүп, жер суу, баткак болгондуктан издөө кыйынчылык туудуруп жатканын айткан. Андан тышкары, жер көчкү алдында калгандардын жакын туугандары менен сүйлөшүп, көчкү түшкөн жерди мазар — көрүстөн катары калтыруу сунуштары да  айтылып жатканы маалым болду.  “Эгер каза болгондордун жакындары макул болушса, мындай сунуштун үстүнөн ойлонуп көрөбүз” — деди Каримов. Бул сунуш канчалык деңгээлде  туура болот, бул жагын убакыт көрсөтөт. Балким, туура болоор. Ал эми мындай чечимди коомчулук кандай кабыл алат, азырынча белгисиз.

Азыр кырсык жериндеги куткаруучулар көчкү түшкөн жерден суу агып өтчүдөй нук кылып казып жатышат. Көчкү түшкөн жердин жогору жагына суу топтолуп, айылдын каптоо коркунучу жаралууда.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here