Чагылган: Чынында,  «заправкаларда» машинеге май куюу маселесинде абайлабаса, анын арты абдан чоң кайгы менен бүтүшү толук мүмкүн. Бензин деген бензин, газ деген газ. Алардын дүрт этип тутанышына, жарылышына көз ирмемчилик гана убакыт талап кылынат.  Береги тасма кечээ эртең менен Казакстандын Тараз шаарындагы «заправкадан» болгон окуя. «Газел» үлгүсүндөгү машинеин айдоочусу, машине үстүнөн канистарага АИ -80 үлгүсүндөгү бензин куюп жатып, чөнтөгүнөн телефонун алып чыгып, аны бензинге жакындатып фонаригин жандырганда, бир күчтүү жарыктан улам өрт чыгып, жалындап кеткен. Коркуп кеткен айдоочу «заправканын» шлангасын ыргытып жибергенде, өрт жанындагы машинелрге жабышкан. Бактыга жараша бул окуядан адам өмүрүнө зыян келген жок. Өрттү өз убагында өчүрүп калышкан.  Бирок эки машине олутту жабырланган.

https://www.youtube.com/watch?v=acNY2a89r-4&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here