Кечээ таңы менен Өзгөндөгү жер көчкү 24 адамдын (анын ичинен 11 балдар) өмүрүн алганы айтылып, ошондон бери көлөмү арбын көчкүнү казып, куткаруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул суук кабарга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев элге кайрылуу жасап, ал айылда жашагандарга эки-үч күн мурун көчкүлө деп айтылганына басып жасап, каза тапты деп жаткандарды баш кылып, катуу сынга алды. Ажонун кайрылуусу коомчулукта адаттагыдай эле кызуу талкууланып жатат. Айырымдар анын айткандары туура дешсе, айрымдар өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай, мындай катуу сынды коё туруп айтпайт беле дешүүдө. Төмөндө ачууланып, кайгырып,  жини менен сүйлөгөн ажонун кайрылуусун бул тасмадан көрүңүздөр:

https://www.youtube.com/watch?v=WCfqBkOqYj4&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here