Өзгөндөгү Заргер айыл аймагындагы Аюу айылындагы бүгүн эртең менен жүргөн жер көчкү жети турак-үйдү басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Алдын ала маалымат боюнча жер көчкүнүн алында 24 адам калган.

Учурда кырсык болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев баш болгон куткаруучулар жөнөп кетишти.

Бүгүн эртең менен 7.20 чамасында Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү түшүп, 6-7 үйдү басып калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, учурда куткаруучулардан турган ыкчам топ кырсык жерине чыгып кетти. Жер көчкү алдында калгандар болушу мүмкүн экенин куткаруучулар билдирүүдө. Жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 1 млн м3ду түзгөн. Кырсык тууралуу такталган соң, кошумча маалымат берилет.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here