Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Бул күн Кыргызстан жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүндөгү туулар түшүрүлүп, оюн-зоок программалары токтотулат.

Бүгүн эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калды. Жер көчкү алдында калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын 11и балдар.  Учурда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жетектеген 400дөн ашуун адам издөө, куткаруу иштерин жүргүзүүдө.   Азырынча жер көчкү алдында калган адамдар табыла элек.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам жана колдоо көрсөтүү тапшырмасын берди.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here