Хирург Эрнст Акрамов инфаркт алды. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев тастыктады.

Анын айтымында, учурда хирургдун  абалы канааттандырарлык. Ага артерияга кан айлануу системасын жөнгө салуучу «кронарное шунтирование» операциясын  жасоо зарыл.Бирок, Акрамов азырынча буга бараар же барбас чечимин айта элек.

Эрнст Акрамов — Кыргызстандын баатыры, 350дөн ашык илимий эмгектин, 16 монаграфиянын, 23 ачылыш патентинин ээси. Хирургиялык практикада дүйнөлүк  уникалдуу операцияларды жасоого жетишкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here