Чагылган: Францияда жакынкы боло турган президенттик шайлоого катышууга жеңип чыккан эки талапкердин бири — Эммануэль Макрондун жеке жашоосу кызык. Ал болочок президент болуп туруп, жөнөкөй мугалимди сүйүп, аялдыкка алган жана ал сүйүктүүсү өзүнөн 20 жаш улуу.

Эммануэль 1977-жылы төрөлгөн, азыр 39 жашта. Эгер, шайлоодон жеңип чыкса француздардын тарыхында эң жаш президент болот. Ал эми жубайы Бриджит Тронье өзүнүн француз жана латын тилинен берген мугалими болгон. Ал Аменьедеги Ле Провиденс мектебинде сабак берет.

Алар башында аталган мектептин театралдык ийриминде 2 жыл бирге иштешкен. Ошол мезгилде 17 жашка чыгып калган кезде Эммануэль 35 жаштагы Бриджитти үйүнө узатып барып жүрүп, сезимин билдирген жана «сиз баары бир мага турмушка чыгасыз» — деп айткан жайы бар.  Ал убакта күйөөсү жана 3 баласы бар айым буга көңүл бурган эмес.

Бирок, акыры Эммануэль Макрон максатына жетип, алар он жылдан бери бактылуу өмүр сүрүп келишүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here