Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине Эмгек сиӊирген ишмер жана Эмгек сиӊирген дарыгер Сабырбек Жумабековду атоого болот.  Медицина илимдеринин доктору Сабырбек Артисбекович- бул борбордун түптөөчүсү. 425 илимий эмгектин, 78 ойлоп табуучулук жана рационализаторлук сунуштун, 4 монографиянын автору. 6 илимдин докторун, 32 илимдин кандидатын даярдаган. Сабырбек агай менен кенен отуруп, анын ишмердүүлүгү туурасында баарлашып кайттык.  

«Ишмердүүлүгүм»

— Менин ишмердүүлүгүмө менден дарыланып кеткен жараныбыз баа берсе туура болчудай. Чындыгында мени көп чет мамлекеттерде таанышат, көп ортопеддер чакырышат, тажрыйба алмашып, биргелешип операция жасаган учурларыбыз болду. Алар өз иштерин биз менен ой-бөлүшөт. Кайсы жерде кандай чоӊ конгресс, илимий чоӊ жыйындар өтсө мени чакырышат. Мен бир топ жыл мурун  Россиянын Саратов шаарына барып, Россиянын омуртка хирургдарынын экинчи съездине катышып келдим. Мени алар башкаруу кеӊешине мүчө кылып киргизишти. Россияда азыр 300дөн ашуун омуртка хирургдар бар, ошонун 10у гана башкаруу кеӊешине мүчө боло алат экен. Муну мен мага гана эмес, жалпы кыргыз ортопедиясына берилген баа катары кабыл алдым.

Мындан сырткары Швецарияда, Женевада жайгашкан ЕФОРТ (Европалык Ортопеддер Конференциясына) мүчө кылып киргизишкен. Лондондо ЕФОРТтун конгрессине катышып келдим. Бүткүл дүйнөлүк ортопеддердин илимий коомуна 1999-жылдан бери мүчөмүн. Булардын конгрессине да жыл сайын катышып турам. Былтыркы жылы Индияда болду, быйыл ноябрда Бразилиянын Сан Пауласында болот. Кытай мамлекетинин конгресси бар. Американын академиясы, Түркиянын ортопедиялык ассоциациясы да бар. Жылда өткөрүлчү конгресстерине барып катышып турабыз. Биздин көп мамлекеттер менен келишимдерибиз бар. Мисалы Россиянын 7 илимий институту менен Украинанын 2 институту, Беларусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Европа өлкөлөрүнүн, Түркия, Кытай мамлекеттеринин көп мекемелери менен келишим түзгөнбүз.

 «Менин бул даражага жетишиме устатым профессор А. И. Блискунов себепкер болгон»

профессор А. И. Блискунов

— Мен 6-курсту аяктап жатканда «Литературная газетадан» Блискунов тууралуу макала окуп калып ал кишиге кат жазып, орун бөлдүрүп алып, Украинага жөнөтүлгөм. 2 жылдык ординатурадан кийин ал жерде мугалим, врач болуп иштеп калдым. Албетте,  бул даражага жетишиме менин бирден бир илимий жетекчим,  Советтер Союзунун эмгек сиӊирген ойлоп тапкычы деген наам алган, ООНдун сыйлыгынын ээси, профессор агайым А. И. Блискунов себепкер болгон. Мен баалаган устаттарым көп. Стамбеков Бактыбек, Өлбөсхан эжемдер менин медик болушума чоӊ түрткү берген. Кыргыздын биринчи улуттук профессору, илимдин доктору, травмотолог-ортопед Кожакматов Сатынды агайым да мага дем-күч берген.

«Кыйын күндөр көп болот»

— Кыйын күндөр көп болот. Себеби оор операциялардын бары эле кыйын. Айрыкча мен жасаган операциянын баары татаал. Мисалы бүгүн мен 3 омуртканы, эки жамбаш менен кашка жиликтин башын, бир тизени алмаштырдым. Мындан сырткары жаш балдарга 3 операция жасадым. Азыр кабылдамада 30дан ашуун бейтап тизме менен жазылып, күтүп отурушат. Булардын баарын көрүшүм керек. Менин иш күнүм күндө ушундай. Жеӊил операциям жок. Баары адамдын өмүрү менен байланыштуу. Ошондуктан мен ар бир операцияга оордой мамиле кылам. Биринчи баштаганда эле «Кудай колдой көр, мен жөн гана себепчимин,  бысмылда»,-деп туруп, анан операцияны баштайм. Жакында эле Казакстандан бир буту кыска жаш кыз келип, анын бутун 18 сантиметрге узартып бердим. Жакында эле бир жигитке татаал операция жасалды. Ошол жигит Гиннес китебине көрсөтүлдү. Кыргызстандын жаранындай алып карасак  бекер жасалгандай кеп. Эми айта берсе, мындай жол менен кайрылгандар өтө эле көп. Жасалган операциялардын баары ийгиликтүү жыйынтык берип келүүдө. Албетте, мындай эмгектин өтөөсүнө чыгуу-менин  сыймыгым.

«Бир бейтап ММКларга мага болгон нааразычылыгы тууралуу маалымат бериптир»

— Адамдардын баарына жагышыӊ кыйын. Ошон үчүн пендебиз да Жакынкы күндөрү бир бейтап ММКларга мага болгон нааразычылыгы тууралуу маалымат бериптир. Өзү келбестен журналисттерди жөнөтүптүр. Эгер мага болгон нааразычылыгы болсо, бет маӊдай сүйлөшүүгө не жетсин, туурабы?  Өзүӊөр көрүп тургандай, үмүт менен келген бейтаптардын саны арбын. Мен ушул убакка чейин бир дагы бейтапты кабыл алмайынча кетирбейм. Баарына тегиз мамиле жасаймын. Эч убакта кызмат абалына, жашоо шартына карап мамиле жасабаймын. Тескерисинче ошол бей-бечараларга өзгөчө көӊүл бурууга аракетим күч. Себеби, кандай бейтап болбосун. Алардын көзүнө тигилсеӊ үмүттүн шооласын баамдайсыӊ. Адам ооруганда жаш баладай эле болуп калат. Доктурлар бейтаптарга гумандуу болуусу шарт.

«Шакирттерим»

— Мен тарбиялап чыккан 30 шакиртим илимий иштерин жакташты. Дагы 30дан ашууну кандидаттыгына даярданышууда. Мен дайыма шакирттериме айтам оорулууну сүйүш керек. Жакын адамыӊдай санап, жүрөгүӊ менен мамиле кылсаӊ, тобокелге салып жасап жаткан операция ийгиликтүү болот. Жаратканым да көрүп турат шыпаа болуп, оорулуу сакайып кетет. Биз ден-соолугубуздун бир бөлүгүн оорулууларга сарптайбыз. Нервдик чыӊалуу болот,  ден-соолугуӊ кетет.

«Менин, бир туугандарымдын ийгиликтери биздики эмес — апабыздыкы»

Жубайы Роза менен.

— Эненин жыты башкача болот тура. Апам Гулайда «Баатыр эне» наамын алган. Апам ушунчалык таза жана тыкан асылзат. 11 баланы бир дагы жолу ооруткан жок. Биз кичинебизде доктурду билбей чоӊойдук. Бул апамдын биз үчүн жасаган зор эмгеги деп билем. Күндө апамдын иштөө  убактысынын атайы графиги боло турган. Эртеӊ менен ысык нан, ысык сүт берип, мектепке жөнөтүп, түшкө чейин күндө кир жууп, тамак бышырып, үйдү тазалап, баарыбызды күтүп алчу. Ошонун баарын кантип үлгүрүп жасаганын ойлой берип, таӊ калам. Менден кичүү иним тентек болчу. Кышында мештеги көөлөгүчтү алып, шоктонгон инимдин бутуна баса калды эле «быж» дей түштү. Иним бакырып ыйлап, апам да кайра инимден кечирим сурап кошо ыйлаган күндөрүн жылмаюу менен эстеп калабыз. Апамдын ыраазычылыгын алганга аракеттенебиз, себеби биз  үчүн айтып бүткүс сыймык. Менин жана бир туугандарымдын жетишкендиктери, ийгиликтери биздики эмес, алтын апакебиздики.

Маектешкен, Төлөбүбү Касымалиева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here