Казакстанда кулчулукта жүргөн үй — бүлө туурасында иликтөө иштери Ош облусунун укук коргоо кызматкерлери тарабынан башталды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Казакстанда кулчулукта жүргөн Ноокат районунун 1972 -жылы туулган тургуну Н.Халима  айылдашы тарабынан 2016-жылдын май айында сатылып кеткен. «Жумуш бар» дегенге, жакшы айлыкка  деп алданган аял 2 баласын алып кеткен.

Учурда, кылмышка шектүү катары изделип жаткан А.А. айылдашы Халиманы 60 миң теңгеге саткан. Барганда эле , паспорт документтерин казактар алып койгону маалым болду.

Бул иш боюнча кылмыш иши козголду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here