Чагылган: Казакстанда барган сайын «кыздык белгисин» саткан кыздардын кулактандыруусу көбөйүп, казактардын ар кыл шаарынан өз намысын миллион теңгеге сатыкка коюп жаткан кыздардын саны өсүп жаткандыгын 31-канал билдирип чыкты.

Ал кыздар  өз кадамын, зарылдык же жеке көйгөйү бар экендиги менен түшүндүрүп келишет. Хирургдарда болсо, бизнес жакшы жүрүшүп, кыздык белгини кайра каыбына келтирүүгө кардарлардын саны өсүүдө экен. Мындай операцияга 20 миң теңге сарпталат дешет.

Интернетте көп кездешкен аталган кулактандырууда, кыздар намысын кем дегенде 500 миң теңге деп баалашууда.

Дарыгерлердин айтымында, көбүнчө  «күйөөмө «сюрприз» кылам» деп келип жасаткандар болот экен. Алардын арасында, бир нече ирет келген келиндер да бар дешүүдө. Кыска мөөнөттү гименопластиканын эффектиси ашып кетсе бир жумага чыдайт. Көп мөөнөттү, үч катмарлуусу кымбат турат жана аны менен кыздыкты толугу менен калыбына келтирип коюуга мүмкүн жана операция болгондугун ажыратуу өтө кыйынга турат дешет дарыгерлер.

18 жаштагы румын модели Александра Хефрен кыздык белгисин аукционго коюп, 2,5 миллион еврого саткан жана акчанын жарымын кайрымдуулукка жумшаарын билдирген.

Ушундай жол менен кыздар кыздык белгисинен эле эмес, ар намысынан да айрылып  жаткандыгын аңдаган жок. Тилекке каршы, жан-дүйнө жардылыгын эч кандай операция калыбына келтире албайт. Биздин кыздарыбызга ыйман эле берсе экен.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here