Журналист Упел Анаркулованын: “ ЖКнын бир депутаты мени коркутуп, он балага салып берип, зордуктатып коём” – деп соцсетке жазган билдирүүсү кызуу талкууга алынып жатат. Ал ким экенин айтпай, сыр кылып жатты эле, мындай маселе көпкө катылып турчу беле, бат эле ачыкка атылып чыкты. Көрсө, бул окуянын чоо-жайы  журналист кыз журтка жар салгандай бир тараптуу эмес экен. Өзүндө да кеп бар тура. Анаркулова “Алиби” гезитине Тоңдон келген бир активис айымдан маек алыптыр. Анда “Мусабекова Тоң районунун акиминин “крышасы”,  андан 10 миң доллар алган” –деген кыязда айтылыптыр. Кыязы, ал аял өзү деле укмуш аппак неме көрүнбөйт.

Мына ушул маалымат коомчулукка чыккан соң, эркекче жүрүп, эркекче сөгүнүп көнүп калган Жылдыз айым, андай жалган маалыматка жаалы кайнап, алгач Баш редактор Баабырбек Жээнбековго жана анын орун басары Тынчтыкка чалган. Бирок экөө менен тең сүйлөшө албаган соң, акыры журналист кызга чалыптыр. Упел болсо маалыматты тактабай, өзүнөн сурабай туруп, жазып жибергени үчүн кечирим сурабастан, депутат айымга сүр көрсөткөндөй болуп айтыша кеткен. Ортодо сөз күчөп, өзүнүн кызындай болгон журналистке жини кашайган Мусабекова андан дали сураптыр, чоо-жайды түшүндүрүп. Тиги да тилин тартпай, болгон кепти болушунча айткан окшобойбу.

Кыскасы, талаш-тартыштын чоо-жайы ушундайча өнүгүптүр. Ал эми депутат Мусабекова Ат-Башыдан шайланып келип жатса, кайдан жүрүп Тоңдун акимине “крыша” боло алат? Бул суроо да ойлонто турган маселе. Анан да 10 миң доллар пара алды деген сөз олутту күнөө экени турган иш.

Андыктан, бул оюнчук эмес. Бул үчүн оңой эмес жоопкерчилик маселеси бар да. Антип айтылып, жазылган соң далил керек. Баса, журналист кыз; “ Депутаттын сөгүнгөн сөздөрүн жаздырып алдым. Сотко берем” –деп жар салган.

Бул жагы кандай болуп калат, убакыт көрсөтөт. Эң башкысы сөгүнгөн сөздөрдү далилдеп берүү керек го. Билгенге татаал иш дешет. Кыскасы, бул маселеге жакында чекит коюлбайт өңдөнөт. Себеби, депутат Мусабекова дагы “Алиби” гезитин жана ал тууралуу жазгандарды сотко берсе, тиги журналист кыз да атың чыкпаса жер өрттө болуп, ал дагы сотко жүгүрсө, иш көпкө созулчудай… Эки ортодо моралдык жоопкерчилик маселеси оңой эле чечиле койбойт эмеспи.

Мусабекова менен байланышканыбызда, ал буларды айтты: 

Алиби” гезитине мен тууралуу маалымат чыгыптыр деп Өкмөттүн отчетун алып жаткан бирөөлөрдөн угуп калдым. Мага жеткен маалыматтарга караганда, «КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекова Тоң районунун акими Улан Эсенгул уулунун “крышасы” экен, аким аны коноктоп 10 миң доллар берген”, деген маалыматтар бар экен. Мен анчалык чоң суммада 10 миң доллар эмес, 10 тыйында алган эмесмин. 2-3 ай мурун депутат Данияр Аттокуров, “бир аял менен жолуктурайын, кабыл алып сүйлөшүп койбойсузбу? –деди. Анын өтүнүчү менен орто мектептин мугалими Рита Исмаилова менен жолуктум. Мага келгенде аябай ыйлап, бүт баарын жамандап арманын айтты. Мен ага эч кандай жаман айтпай чай берип, жашын аарчып жөнөткөнмүн. Ошол эле заматта жардамчым аркылуу алдында бардык жергиликтүү бийликтегилерди таптырганымда, алардын баары бул эжеге терс пикирин айтты. Жанымда көптөгөн атактуу адамдар бар болчу. Мага жеткен маалыматтар боюнча жергиликтүү тургундар бул аялды, ар кимдин үстүнөн арыз жазып эле жүрөт”, деген пикирлерди айтышууда. Ал тургай Рита Исмаилова мага арыздарын таштап кеткен, баары турат. Мени, “10 миң доллар алган”, деп каралаганы үчүн макаланы жазган журналисти дагы Рита Исмаилованы дагы сотко берейин деп атам. Менден бир ооз сурап койсо болмок.

«Аким менен чай ичип», — деп айтыптыр. Ооба, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарына атайын эл-аралык уюмдар аркылуу иш-чара менен барганда,Тоң районунун акими менен чай ичкенбиз, анын үйүнө барып чай ичкен эмесмин«, — деп билдирди.

Деги эле, акыркы убактарда көп адамдар “Атың чыкпаса жер өрттө” деген сөздү өз жашоолорунда негизги ураан катары активдүү пайдаланып жатышкандай. Жаштарга ушул керекпи? Мындай ураан менен эч ким жакшылык көрбөйт дагы, алыска узабайт дагы. Мындай жагымсыз, бирөөнө-бирөө жалаа жаап, эмне аброй табат? Эч ким аброй таппайт. Андыктан, ким бирөөнү жамандагандан мурун, өзүбүздүн ыйманыбызды ойлойлучу… Баарыбыз эле адамбыз, адам бойдон калалы…

Автор: Байтемир Бакбергенов

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here